# 7-берене. Сот аткаруучуларын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тартиби

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 7-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-7

---

1. Башкы сот аткаруучу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.

2. Башкы сот аткаруучунун Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу орун басарлары болот.

3. Улук сот аткаруучулар жана сот аткаруучулар мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарга жана эмгек жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Башкы сот аткаруучу тарабынан кызмат ордуна дайындалышат жана кызмат ордунан бошотулушат.

4. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-8)
