# 69-берене. Карызкордун - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жана пайлык инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын акча каражаттарынан жана баалуу кагаздарынан өндүрүп алуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-69>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-69.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 69-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-69

---

1. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун карыздары боюнча "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу банкта ачкан өзүнчө банктык эсепте (эсептерде) турган анын кардарларынын акча каражаттарынан (мындан ары - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун атайын эсеби) өндүрүп алуу мүмкүн эмес.

2. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун карыздары боюнча "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу ачкан реестрди жүргүзүү системасындагы энчилүү эсептердеги жана депозитарийдин депосундагы эсептерде (мындан ары - энчилүү эсептер жана депо эсеби) турган анын кардарларынын баалуу кагаздарынан өндүрүп алуу мүмкүн эмес.

3. Пайлык инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын карыздары боюнча инвестициялык пайларды сатып алуу жөнүндө инвестициялык үлүштөрдүн ээлеринин реестрине жазуу киргизилгенге чейин пайлык инвестициялык фонддун башкаруучу компаниясынын өзүнчө банктык эсебинде жана/же депонун эсебинде сакталган инвестициялык пайларды сатып алууга арыз берген адамдын акча каражаттарынан жана/же баалуу кагаздарынан өндүрүп алуу мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-68)  
Кийинки берене: [70-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-70)
