# 67-берене. Карызды улуттук валютада эсептөөдө карызкордун чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын өндүрүп алуунун тартиби

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 67-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-67

---

1. Карызкордун чет өлкөлүк валютадагы накталай акча каражаттары барын билүү жана аларды алып коюу менен аткаруучу камакка алынган жана алып коюлган күндөн кийинки операциялык күндөн кечиктирбестен көрсөтүлгөн акча каражаттарын банкка сатуу үчүн өткөрүп берет, ал чет өлкөлүк валютаны сатууну жүзөгө ашырат жана сатуудан алынган акча каражаттарын улуттук валютада сот аткаруучунун токтомунда көрсөтүлгөн депозиттик эсепке которот.

2. Чет өлкөлүк валютаны сатып алууну-сатууну Кыргыз Республикасынын валюталык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ички валюталык рыногунда чет өлкөлүк валютаны сатып алууну-сатууну жүзөгө ашырууга укуктуу банк сатып алуу-сатуу күнүндө бул банк белгиленген курс боюнча жүзөгө ашырат. Мындай курс болбогондо чет өлкөлүк валютаны сатып алуу-сатуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген расмий курс боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Карызкордун эсептериндеги жана банктардагы салымдарында турган чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарынан өндүрүп алууда сот аткаруучу өзүнүн токтому менен аларга чет өлкөлүк валютаны ушул Мыйзамдын 65-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аныкталган карыздын өлчөмүндө сатууну жана сатуудан алынган акча каражаттарын улуттук валютада депозиттик эсепке которууну тапшырат.

4. Эгерде карызкордун чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары банктардагы эсептерде жана салымдарда турса, аларга банк операцияларын жүзөгө ашырууга лицензияга ылайык чет өлкөлүк валютаны сатып алууну-сатууну жүзөгө ашыруу укугу берилбесе, анда сот аткаруучу өзүнүн токтому менен аларды көрсөтүлгөн акча каражаттарын мындай укукка ээ болгон жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган валюталык эсепти тейлөөгө тиешелүү келишим түзгөн банкка которууга милдеттендирет. Ушул валюталык эсеп ушул беренеде каралган операцияларды аткаруу үчүн гана ачылат.

5. Банк сот аткаруучунун токтомун ушул Мыйзамдын 66-беренесинде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө аткарат.

6. Сот аткаруучунун ушул беренеде каралган токтомдорунун көчүрмөлөрү аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет.

---

Мурунку берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-66)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-68)
