# 66-берене. Акчалай каражаттан өндүрүп алуу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.06.2026 [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 28.10.2021 [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 66-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-66

---

1. Карызкордун - юридикалык жактын сейфтеринде, кассасында табылган, карызкордун - юридикалык жактын башка жайларында болгон, же банктарда, финансылык жана кредиттик уюмдарда сакталган улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы накталай акча каражаттары камакка алынат же алып коюлат.

Алып коюлган накталай акча каражаттары алынган күндөн кийинки операциялык күндөн кечиктирбестен сот аткаруучулардын бөлүмдөрүнүн, жеке сот аткаруучунун депозиттик эсебине (мындан ары - депозиттик эсеп) которуу үчүн банкка тапшырылат.

2. Карызкордун эсептеринен акча каражаттарын которуу аткаруу документинин, сот аткаруучунун, жеке сот аткаруучунун сот тарабынан берилген аткаруу документинин негизинде чыгарылган токтомунун негизинде банк же башка финансы-кредиттик уюм тарабынан жүргүзүлөт жана банкка карызкордун төлөм тапшырмасын берүүнү талап кылбайт.

Акча каражаттанып өндүрүп алуу жөнүндө токтомдо карызкордун аталышы, карызкордун банктык реквизиттери, жеке сот аткаруучунун, сот аткаруучулар кызматынын тиешелүү аймактык органынын депозиттик эсебинин реквизиттери, өндүрүлүп алынуучу каражаттардын суммасы камтылууга тийиш.

3. Эгерде акчалай каражаттар карызкордун бир нече эсептеринде бар болсо, анда сот аткаруучу токтомдо кайсы эсептен жана канча көлөмдө акчалай каражаттар эсептен чыгарылууга тийиш экендигин көрсөтөт.

Эгерде карызкордун эсептериндеги акчалай каражаттарга камак салынган болсо, анда сот аткаруучу токтомдо карызкордун акчалай каражаттарынан ал тарабынан салынган камак кандай көлөмдө жана тартипте алынарын көрсөтөт. Банк, финансы-кредиттик уюм токтомду алган күндөн тартып үч күндүн ичинде аталган токтомдун аткарылгандыгы жөнүндө сот аткаруучусуна билдирүүгө милдеттүү.

4. Карызкордун эсептерин тейлөөнү жүзөгө ашыруучу банк же финансы-кредиттик уюм акча каражаттарын өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу документи банкка келип түшкөн күндөн кийинки банктык үч күндүн ичинде тиешелүү сот аткаруучулардын, жеке сот аткаруучунун кызмат бөлүмүнүн депозиттик эсебине которуу жолу менен аткарат.

5. Эгерде карызкордун эсептеринде акчалай каражаттар жок болсо же болбосо аталган эсептерде турган акчалай каражаттарга камак салынган болсо же мыйзамда белгиленген тартипте акчалай каражаттар менен операциялар токтотулса, банк, финансы-кредиттик уюм аткаруу документин толугу менен аткарбай кое алышат.

6. Эгерде карызкордун эсептериндеги акча каражаттары аткаруу документинде камтылган талаптарды аткаруу үчүн жетишсиз болсо, анда банк болгон каражаттарды которот жана карызкордун эсебине же эсептерине акча каражаттарынын түшүүсүнө жараша андан ары аткаруусун аткаруу документинин талаптарын толук көлөмдө аткарганга чейин уланта берет.

Банк же башка финансы-кредиттик уюм жүргүзүлгөн которуулар жөнүндө токтоосуз сот аткаруучуга маалымдайт.

7. Банк аткаруу документин аткарууну төмөнкүдөй аяктайт:

1) акча каражаттары толук көлөмдө чегерилгенден кийин;

2) (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) сот аткаруучунун аткарууну токтотуу жөнүндө (аяктоо, жокко чыгаруу жөнүндө) токтому боюнча.

8. Карызкордун акча каражаттары депозиттик эсепке ушул Мыйзамдын 65-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык белгиленген карыздын көлөмүн тындыруу үчүн зарыл болгон өлчөмдөн көп өлчөмдө келип түшкөндө сот аткаруучу ашыкча алынган сумманы карызкорго кайтарат.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-65)  
Кийинки берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-67)
