# 65-берене. Карызкордун мүлкүн өндүрүп алуунун тартиби

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=1283413..1283414>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-65>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-65.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 65-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-65

---

1. Карызкордун мүлкүнө өндүрүп алуу мүлктү алып коюуну жана/же аны мажбурлап сатууну же болбосо өндүрүп алуучуга өткөрүп берүүнү камтыйт.

2. Карызкордун мүлкүн өндүрүп алуу карызга тең өлчөмдө, башкача айтканда аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларды, аткаруучу жыйымдарды жана аткаруучу документти аткаруу процессинде сот аткаруучу салган айыптарды өндүрүп алууну эске алуу менен аткаруучу документте камтылган талаптарды аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө жүргүзүлөт.

3. Аткаруу документтери боюнча карызкордун мүлкүн өндүрүп алуу биринчи кезекте анын улуттук валютадагы жана чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарынан жана башка баалуулуктардан, анын ичинде банктардагы эсептердеги, салымдардагы же сактоодо турган баалуулуктардан өндүрүп алынат.

Карызкордун чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын өндүрүп алуу анда улуттук валютадагы акча каражаттары жок же жетишсиз болгондо жүргүзүлөт. Карызкордун башка баалуулуктарынан өндүрүп алуу анда улуттук валютадагы же чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары жок же жетишсиз болгондо жүргүзүлөт. Башка баалуулуктарды (баалуу металлдар жана асыл таштар, бермет, алардан жасалган буюмдар, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктары) өндүрүп алуу аларды сатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүп берүү жолу менен жүргүзүлөт.

4. Карызкордо акча каражаттары жана башка баалуулуктар жок же жетишсиз болгондо ага менчик укугунда таандык болгон башка мүлктөн, колдонуудан алынып салынган мүлктү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кайда жана кимдин иш жүзүндөгү ээлик кылуусунда жана/же пайдалануусунда турганына карабастан өндүрүп алуу жүргүзүлүшү мүмкүн болбогон мүлктү кошпогондо жүргүзүлөт.

5. Эгерде карызкор жалпы менчик укугунда ага таандык болгон мүлккө ээ болсо, анда өндүрүп алуу Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 274-статьясына ылайык аныкталуучу карызкордун үлүшүнөн өндүрүп алынат.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-64)  
Кийинки берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-66)
