# 64-берене. Мажбурлоо мүнөзүндөгү аткаруу иш-аракеттери

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 10-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=24682..27657>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 64-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-64

---

1. Аткаруучу документ боюнча өндүрүп алууга жаткан мүлктү карызкордон алуу максатында аткаруу документинде көрсөтүлгөн иш-аракеттер же сот аткаруучу жасаган иш-аракеттер мажбурлоо мүнөзүндөгү аткаруучу иш-аракеттер (мындан ары - мажбурлап аткартуучу чаралар) болуп саналат.

2. Эгерде ушул Мыйзамда башкасы каралбаса, мажбурлап аткартуучу чаралар аткаруу документи кабыл алынгандан жана аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу мөөнөтү аяктагандан кийин сот аткаруучу тарабынан колдонулат.

3. Мажбурлап аткартуучу чаралар төмөнкүлөр болуп саналат:

1) аткарылуучу документти аткаруу үчүн карызкордо же үчүнчү жактарда турган карызкордун мүлкүнө камак салуу;

2) карызкордун камакка алынган мүлкүн же болбосо өндүрүп алуучуга ыйгарылган мүлктү алып коюу;

3) карызкордун мүлкүн, анын ичинде улуттук же чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттарын жана баалуу кагаздарын өндүрүп алуу;

4) эмгектик, жарандык-укуктук же социалдык укук мамилелерден улам карызкор алуучу мезгил-мезгили менен төлөөлөрдөн өндүрүп алуу;

5) карызкордун мүлктүк, анын ичинде төмөнкүдөй укуктарын өндүрүп алуу:

а) өндүрүп алуучу катары чыккан аткаруу өндүрүшү боюнча төлөмдөрдү алуу укугун;

6) жалдануу, ижара боюнча төлөмдөрдү алуу укугун;

в) интеллектуалдык иштин натыйжаларына жана жекелештирүү каражаттарына өзгөчө укуктарды;

б) мүлккө, анын ичинде баалуу кагаздарга укугунун ушул Мыйзамда белгиленген учурларда жана тартипте карызкордон өндүрүп алуучуга өтүшүн каттоо үчүн каттоочу органга кайрылуу;

7) эгерде бул иш-аракет карызкордун жеке катышуусуз жасалышы мүмкүн болгон учурда, аткаруучу документте көрсөтүлгөн иш-аракеттерди карызкордун атынан же анын эсебинен жасоо;

8) мүлктү мөөрлөп басып бекитүү;

9) укук белгилөөчү документтерди алып коюу;

10) өндүрүп алуучунун турак жайга мажбурлап кирүүсү;

11) карызкорду турак жайдан мажбурлап чыгаруу;

12) турак эмес жайды, сактоочу жайды аларда карызкордун жана анын мүлкүнүн болуусунан бошотуу;

13) мыйзамда же аткаруу документинде каралган башка иш-аракеттер.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-63)  
Кийинки берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-65)
