# 63-берене. Карызкордун камакка алынган мүлкүн алып коюу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 63-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-63

---

1. Кийин сатуу же өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү үчүн карызкордун камакка алынган мүлкүн алып коюу ушул Мыйзамдын 55-беренесинин 4, 5-бөлүктөрүндө белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

2. Карызкордун тез бузулуучу мүлкү алып коюуга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү менен тиешелүү келишим түзгөн соода чөйрөсүндө ишкердик ишти жүзөгө ашыруучу жеке же юридикалык жактарга сатуу үчүн токтоосуз өткөрүп берилүүгө тийиш.

3. Камак салынган учурда сомдордогу жана чет өлкөлүк валюталардагы накталай акча каражаттары, антиквариат, живопись жана скульптура чыгармалары, документтүү баалуу кагаздар, кымбат баалуу металлдар жана асыл таштар, берметтер, алардан жасалган буюмдар, ошондой эле мындай буюмдардын сыныктары милдеттүү түрдө алып коюлат.

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-64)
