# 62-берене. Карызкордун камакка алынган мүлкүн сактоого өткөрүп берүү

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-62>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-62.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 62-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-62

---

1. Карызкордун камак салынган мүлкү мүлктү камакка алуу жөнүндө актыга карызкорго же анын жашы жеткен үй-бүлө мүчөлөрүнө же өндүрүп алуучуга, башка адамдарга (алардын макулдугу менен) же болбосо ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык башкармалыгы кайтарууга же сактоого келишим түзгөн адамдарга кол койдуруу менен жооптуу сактоого өткөрүп берилет.

2. Карызкордун мүлктүк укуктарынын бар экенин жана көлөмүн ырастаган документтерди, ошондой эле документтүү баалуу кагаздарды сактоо, алардын сакталышын камсыз кылган шартта сот аткаруучулар бөлүмүндө жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

3. Камакка алынган мүлк сот аткаруучу тарабынан жооптуу сактоого өткөрүп берилген адам бул мүлктү сот аткаруучунун жазуу жүзүндө берилген макулдугусуз пайдалана албайт.

Сот аткаруучу депозитарийге сактоого берилген баалуу кагаздарга карата, ошондой эле мүлктү пайдалануу анын касиеттеринен улам ушул мүлктү жок кылууга же баалуулугун азайышына алып келген учурда, мындай макулдукту берүүгө укуксуз.

4. Камакка алынган мүлк сот аткаруучу тарабынан жооптуу сактоого өткөрүп берилген адам, эгерде карызкор же анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөсү мындай болуп саналбаса, көрсөтүлгөн мүлктү кайтаруу же сактоо боюнча сыйакы алууга жана тарткан чыгашаларынын ордун төлөтүп алууга укугу бар.

---

Мурунку берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-61)  
Кийинки берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-63)
