# 60-берене. Жаныбарларга камак салуу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 60-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-60

---

1. Сот аткаруучу жаныбарларды тизмектөөдө жана камак салууда төмөнкү маалыматтарды киргизет:

1) тизмекте жаныбардын номерин (белгисин, энин), жаныбардын каймана атын, туулган жылын, тукумун, семиздигин, малдын тирүүлөй массасын (салмагын) (алар боюнча массасы (салмагы) көрсөтүлбөгөн жылкыдан, төөдөн тышкары) жана баштапкы наркын көрсөтүү менен азык алынуучу чоң жана жумушчу мал; тукуму малдын бонитирлөө маалыматтарынын негизинде көрсөтүлөт;

2) мүйүздүү ири мал, жумушчу мал, кой, чочко, башка жаныбарлардын өзгөчө баалуу экземплярлары жана тукумдары тизмекке жекече киргизилет; топтук тартипте эсепке алынуучу негизги үйүрдүн башка жаныбарлары ар бир топ боюнча мал башынын санын жана тирүүлөй массасын (салмагын) көрсөтүү менен жаш жана жыныс топтору боюнча актыга киргизилет;

3) мүйүздүү ири жаш мал, жумушчу жаш мал инвентардык номерлерин, каймана аттарын, жынысын, өңү-түсүн, тукумун жана малдын башка жеке белгилерин көрсөтүү менен тизмекке өзүнчө киргизилет;

4) байланган мал, жаш чочколор, койлор жана эчкилер, канаттуулар жана топтук тартипте эсепке алынуучу малдын башка түрлөрү эсепке алуу регистрлеринде кабыл алынган номенклатурага ылайык ар бир топ боюнча мал башынын санын жана тирүүлөй массасын (салмагын) көрсөтүү менен тизмекке киргизилет. Камакка алууну жүргүзүүдө сот аткаруучу камакка алынган мал ушул беренеге ылайык кайсы кезекке таандык экенин белгилөөгө тийиш.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн малдын бардык жеке белгилерин аныктоо мүмкүн болбогондо, сот аткаруучу тизмекке ал белгилей алган маалыматты көрсөтөт.

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-61)
