# 6-берене. Сот аткаруучунун кызмат ордуна талапкерге карата коюлуучу талаптар

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.06.2026 [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882); 31.12.2024 [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 6-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-6

---

1. 21 жашка толгон жана мамлекеттик аккредитациясы бар билим берүү программалары боюнча "Юриспруденция" адистигинен жогорку юридикалык билимге ээ же "бакалавр" жана "магистр" квалификациясында "Юриспруденция" даярдоо багыты боюнча жогорку билим алган, ден соолугунун абалы жана психофизиологиялык маалыматтары боюнча ага жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жарактуу Кыргыз Республикасынын жараны сот аткаруучу боло алат.

11. Төмөнкүдөй адам сот аткаруучу боло албайт:

1) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же болбосо соттун айыптоо өкүмү менен мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кызматкери катары иш жүргүзүүгө же белгилүү бир кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган;

2) ушул бөлүктүн 3-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар;

3) соттуулугу жоюлганына же алынганына карабастан, коррупциялык жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы башка кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;

4) ага карата ушул бөлүктүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбоочу негиздер боюнча токтотулган;

5) башка мамлекеттин жарандыгы бар.

2. Сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн жетекчиси улук сот аткаруучу болуп саналат. Сот аткаруучуларга коюлган талаптарга жооп берген жана сот аткаруучу болуп үч жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны улук сот аткаруучу боло алат.

3. Кызмат ордуна киришип жатканда сот аткаруучу салтанаттуу жагдайда төмөнкүдөй мазмунда ант берет:

"Мен, ........., сот аткаруучунун кызматына киришип жатып: өзүмдүн ыйгарым укуктарымды жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана кесиптик сырды сактоого, өзүмдүн кесиптик милдеттеримди калыс, ак ниет жана кынтыксыз аткарууга, ишенимге жана сыйга татыктуу болууга, кесиптин кадыр-баркынын жогорулашына өбөлгө түзүүгө ант берем".

4. Сот аткаруучу кызмат ордуна антка кол койгон учурдан тартып киришет

5. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт..

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык )

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-7)
