# 59-берене. Автомототранспорт каражаттарына, суу, аба транспортуна жана өзү жүрүүчү техниканын башка түрлөрүнө камак салуу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-59>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-59.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 59-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-59

---

1. Сот аткаруучу карызкордун автомототранспорт каражаттарына, суу, аба транспортуна жана өзү жүрүүчү техникасын башка түрлөрүнө (мындан ары - транспорт) камак салат.

2. Карызкордун менчигинде конкреттүү транспорт турганы жөнүндө анык маалыматтар болгондо сот аткаруучу транспортту камакка алуу жөнүндө токтом чыгарат жана аны Кыргыз Республикасынын аймагында транспортту каттоого алуучу органга, ошондой эле транспортту издөө, карызкордон алып коюу жана айыптык токтотуу жайына коюу үчүн ички иштер органдарынын тиешелүү түзүмдөрүнө аткаруу үчүн жиберет. Транспортко камак салуу жөнүндө токтомго ушул Мыйзамда каралган тартипте даттанылышы мүмкүн.

3. Карызкордун менчигинде транспорт бар экени жөнүндө маалыматтар болбогондо Кыргыз Республикасынын аймагында транспортту каттоого алуучу органдардан мындай маалыматтарды суратат жана транспорт табылган учурда ага камак салынат.

Карызкордун транспорту бар экени жана ал камакка алынганы жөнүндө маалыматты алгандан кийин сот аткаруучу карызкордун транспортун издөө жана андан ары айыптык токтотуу жайына токтотуу менен алып коюу жөнүндө токтом чыгарат жана аны аткаруу үчүн ички иштер органдарынын тиешелүү түзүмдөрүнө жиберет.

4. Тиешелүү медициналык көрсөткүчтөрү бар майып жарандардын жол жүрүү каражаты болуп саналган автотранспорт камакка алынууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-58)  
Кийинки берене: [60-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-60)
