# 58-берене. Дебитордук карызга камак салуу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=1283413..1283414>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-58>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-58.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 58-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-58

---

1. Дебитордук карызды камакка алуу карызкор жана дебитор тарабынан дебитордук карыз келип чыккан укуктук мамилелерди өзгөртүүгө же токтотууга алып келүүчү кандай болбосун иш-аракеттерди жасоого, ошондой эле үчүнчү жактардын талап кылуу укугунан чегинүүгө тыюу салууда турат.

2. Дебитордук карызды камакка алуу жөнүндө сот аткаруучу токтом чыгарат жана акт түзөт, аларда дебитордук карыз бар экенин ырастоочу документтердин тизмеси көрсөтүлөт. Зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн документтерди алып коюу жана аларды сактоого өткөрүп берүү жүргүзүлөт.

3. Дебитордук карызга камак салуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсү ал чыгарылган (түзүлгөн) күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен сот аткаруучу тарабынан дебиторго жана аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет.

Дебитордук карызга камак салуу жөнүндө токтомго ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

4. Дебитордук карыз камакка алынганы жөнүндө кабарландырууну дебитор алган күндөн тартып жана талап кылуу укугу ишке ашырылган же талап кылуу укугу жаңы кредиторго өтүп кеткени жөнүндө билдирүүнү дебитор алган күнгө чейин дебитор алардын негизинде дебитордук карыз келип чыккан укуктук мамилелерди өзгөртүүгө укуксуз.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-57)  
Кийинки берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-59)
