# 57-берене. Баалуу кагаздарга камак салуу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-57>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-57.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 57-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-57

---

1. Документтүү баалуу кагаздарга алар турган жери боюнча камак салынат. Документи жок баалуу кагаздарга бул кагаздардын менчик ээсинин укуктары эсепке алынган жери боюнча камак салынат.

2. Документи жок баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө сот аткаруучу токтом чыгарат, ал ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн. Түздөн-түз карызкордон табылган документи жок баалуу кагаздарга камак салууда сот аткаруучу ушул Мыйзамдын 55-беренесинде белгиленген тартипте акт түзөт.

3. Баалуу кагаздарды камакка алуу жөнүндө актыда камакка алынган баалуу кагаздардын жалпы саны, алардын түрү, баалуу кагаздарды берген адамдар жөнүндө маалыматтар, берилген датасы жана жери, баалуу кагаздарды идентификациялоого, ошондой эле баалуу кагаздардын карызкорго таандыктыгын белгилөөгө мүмкүндүк берген башка маалыматтар көрсөтүлөт.

4. Карызкорго таандык болгон баалуу кагаздарга камак салуу карызкор үчүн аларды тейлөөгө (сатууга, өзүнүн милдеттенмелерин же үчүнчү жактардын милдеттенмелерин камсыз кылуу катары берүүгө, башкача түрдө оордотууга, ошондой эле мындай баалуу кагаздарды укуктарды каттоо үчүн башка депозитарийге же баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин жүргүзүүчү реестрдин кармоочусуна (мындан ары - реестрдин кармоочусу) тыюу салынганын билдирет. Баалуу кагаздар менен бекемделген башка чектөөлөрдү, анын ичинде карызкордун кирешелерин жана башка укуктарын алууга укуктарды чектөөлөрдү белгилөөдө сот аткаруучу белгиленген чектөөлөрдү баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө токтомдо санап өтүүгө милдеттүү.

5. Эгерде мындай иш-аракеттер камакка алынган баалуу кагаздарды чыгаруу жөнүндө чечимде (пайлык инвестициялык фондду ишенимдүү башкаруу эрежелери же ипотекалык жабуу) каралбаса жана баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө токтомдо тыюу салынбаса, баалуу кагаздарга камак салуу эмитент (башкаруучу компания, башкаруучу) тарабынан аларды тындыруу, алар боюнча кирешелерди төлөп берүү, аларды конвертациялоо же башка баалуу кагаздарга алмаштыруу боюнча иш-аракеттерди аткарууда тоскоолдук болбойт. Көрсөтүлгөн иш-аракеттердин аткарылганы жөнүндө эмитент (башкаруучу компания, башкаруучу) сот аткаруучуга токтоосуз билдирет.

6. Эгерде ал камак салуу максаттарына карама-каршы келбесе, конвертациялоонун же алмаштыруунун натыйжасында алынган башка баалуу кагаздар камак салуу жөнүндө токтом боюнча камакка алынган баалуу кагаздар сыяктуу эле шарттарда камакта турган болуп эсептелет.

Сот аткаруучу мурда чыгарылган токтомго кошумча катары ушул Мыйзамдын 65-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык аныкталуучу карыздын өлчөмүн эске алуу менен конвертациялоонун же алмаштыруунун натыйжасында алынган баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө токтом чыгарууга милдеттүү.

7. Эгерде аткаруу документинде баалуу кагаздар боюнча киреше алууга карызкордун укуктары чектелгени белгиленсе, анда бул баалуу кагаздар боюнча бардык кирешелер сот аткаруучулар кызматынын тиешелүү бөлүмүнүн же жеке сот аткаруучунун депозиттик эсебине кириштөөгө жатат.

8. Камакка алынган документтүү баалуу кагаздар сот аткаруучу тарабынан алынып коюлат жана баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө актыга, ушул актынын көчүрмөсүн сактоочуга тапшыруу менен кол коюлуп сактоого берилет. Соттук аткаруучу бул баалуу кагаздарды депозитарийдин сактоосуна берүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.

9. Камакка алынган документсиз баалуу кагаздар алып коюлбайт жана реестрдин же депозитарийдин башка кармоочусуна укуктарды эсепке алуу үчүн өткөрүп берилбейт.

10. Камакка алынган баалуу кагаздарга укуктарды каттоого алуучу (камакка алынган документтүү баалуу кагаздарды сактоо) депозитарийдеги тиешелүү лицензиянын колдонулушу токтотулуп турган же жоюлган учурда:

1) депозитарий бул жөнүндө сот аткаруучуга лицензияны токтотулуп турган же жоюу жөнүндө кабарландыруу алынган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен билдирет;

2) карызкор кайсы депозитарий менен жаңы депозитардык келишим түзгөнүн сот аткаруучуга билдирет;

3) сот аткаруучу камакка алынган баалуу кагаздарды жаңы депозитарийге өткөрүп бергени жөнүндө токтом чыгарат;

4) лицензиясы токтотулуп турган же жоюлган депозитарий баалуу кагаздарга камакка алынганы жөнүндө белги коюу менен аларды сот аткаруучунун токтомунда көрсөтүлгөн депозитарийге которуп берүүнү жүзөгө ашырат, ошондой эле баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө токтомдун жана/же камак салуу жөнүндө актынын көчүрмөсүн ага жиберет.

11. Камакка алынган баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алган реестрдин кармоочусун эмитент (башкаруучу компания, башкаруучу) алмаштырган учурда, реестрдин кармоочусу:

1) жүргүзүлгөн алмаштыруу жөнүндө ал билген күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен бул жөнүндө сот аткаруучуга билдирет;

2) аларды камакка алуу жөнүндө белги коюу менен баалуу кагаздарды которууну жүзөгө ашырат;

3) реестрдин жаңы кармоочусуна баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө токтомдун жана/же камак салуу жөнүндө актынын көчүрмөлөрүн жиберет.

12. Эмитент (башкаруучу компания, башкаруучу) карызкорго таандык камакка алынган баалуу кагаздар боюнча төлөм жүргүзүү же жоюу мөөнөтү келип жеткен учурда көрсөтүлгөн баалуу кагаздар боюнча төлөп берүү суммасын түзүүчү акча каражаттарын депозиттик эсепке кириштейт.

13. Мүлктүн жана/же мүлк укуктарынын ээсине камакка алынган баалуу кагаздарды өткөрүп берүү түрүндө аларды жоюуда соттук аткаруучу мындай мүлктү жана/же мүлк укуктарын ушул Мыйзамда белгиленген тартипте өндүрүп алат.

14. Баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө токтомдун же камак салуу жөнүндө актынын көчүрмөлөрү ал чыгарылган (түзүлгөн) күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен сот аткаруучу тарабынан аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына, ошондой эле төмөнкүлөргө жиберилет:

1) баалуу кагаздарды берген жакка (эмиссиялык баалуу кагаздарды, пайлык инвестициялык фонддордун инвестициялык пайларын жана ипотекалык баалуу кагаздарды кошпогондо);

2) реестрдин кармоочусуна же милдеттүү борборлоштурулган сактоо менен берүүчүгө эмиссиялык баалуу кагаздарга укуктарды эсепке алган же болбосо баалуу кагаздарга жана/же менчик ээсинин баалуу кагаздарынын сертификаттарын сактоого укугун эсепке алган депозитарийге;

3) эгерде баалуу кагаздарды камакка алуу ушул баалуу кагаздар менен бекемделген укуктарды чектөөдө турса, эмитентке (башкаруучу компанияга, башкаруучуга).

15. Баалуу кагаздарга камак салуу жөнүндө токтомдун же актынын көчүрмөсүн алган күндөн тартып ушул берененин 14-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдар:

1) карызкор көрсөтүлгөн токтом жана/же акты менен чектелген укуктарды ишке ашырууга багытталган карызкордун талаптарын аткарууга укугу жок;

2) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун атайын эсебинде турган карызкордун акча каражаттары жана сот аткаруучунун токтомунда көрсөтүлгөн акча каражаттарынын өлчөмүнө таянуу менен жактык эсептердеги жана депо эсептериндеги баалуу кагаздар менен операцияларды жүргүзүүнү токтоосуз токтотуп турууга милдеттүү.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-56)  
Кийинки берене: [58-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-58)
