# 56-берене. Банктарда жана башка финансы-кредиттик уюмдарда турган акча каражаттарына, салымдарга жана башка баалуулуктарга камак салуу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-56>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-56.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 56-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-56

---

1. Сот аткаруучу ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында каралган аткаруу документтерине ылайык карызкордун банктарда, финансы-кредиттик уюмдарда, башка финансылык институттарда жана казыналыкта турган акча каражаттарына, депозиттерине, башка баалуулуктарына жана активдерине, ошондой эле баалуу кагаздарына аткаруу документинде көрсөтүлгөн өлчөмдө камак салат. Камакка алуунун өлчөмү өндүрүп алуучунун талаптарын канааттандыруу үчүн жана аткаруу өндүрүшү менен байланышкан чыгымдарды, анын ичинде сот аткаруучунун сыйакысын өндүрүү үчүн зарыл болгон көлөмдө аныкталат.

2. Ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн сот актысынын же аткаруу документтеринин негизинде чыгарылган карызкордун акча каражаттарына, депозиттерине жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтом сот аткаруучу тарабынан банкка, финансы-кредиттик уюмга, башка финансылык уюмдарга жана казыналыкка жиберилет. Карызкордун акча каражаттарына, депозиттерине жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтомго ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

Банк же финансы-кредиттик уюм карызкордун акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына камак салуу жөнүндө токтомду токтоосуз аткарат жана соттук аткаруучуга, жеке сот аткаруучуга карызкордун камакка алынган акча каражаттарынын, салымдарынын жана башка баалуулуктарынын өлчөмү жөнүндө билдирет.

3. Сот аткаруучу карызкордун банктар тарабынан ашыкча камакка алынган акча каражаттарын, салымдарын жана башка баалуулуктарын камактан чыгаруу боюнча токтоосуз чараларды көрөт.

4. Ушул берененин жоболору баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун атайын эсебинде турган карызкордун акча каражаттарына карата да колдонулат.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-55)  
Кийинки берене: [57-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-57)
