# 55-берене. Карызкордун мүлкүнө камак салуу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=1283413..1283414>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 55-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-55

---

1. Сот аткаруучу мүлктүк өндүрүп алуу жөнүндө талаптарды камтыган аткаруу документин аткарууну, анын ичинде аткаруу документинде камтылган талаптарды карызкор ыктыярдуу аткаруусу үчүн белгиленген мөөнөттүн ичинде аткарууну камсыз кылуу максатында карызкордун мүлкүнө камак салат. Мында сот аткаруучу карызкордун мүлкүн өндүрүп алуунун кезектүүлүк эрежелерин колдонбоого укуктуу.

2. Карызкордун мүлкүнө камак салуу төмөнкүлөр үчүн колдонулат:

1) өндүрүп алуучуга өткөрүп берилүүгө тийиш болгон же карызкордон өндүрүп алуучунун пайдасына каражаттарды өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу документин аткаруу максатында сатылышы мүмкүн болгон мүлктүн сакталышын камсыз кылуу үчүн;

2) мүлктү конфискациялоо жөнүндө сот актысын аткарууда;

3) карызкорго таандык жана анда же үчүнчү жактарда турган мүлккө камак салуу жөнүндө сот актысын аткарууда.

3. Карызкордун мүлкүн камакка алуу мүлктү тескөөгө тыюу салууну камтыйт, ал эми зарыл болгондо - мүлктү пайдалануу же мүлктү алып коюу укугун чектейт. Мүлктү пайдалануу укугунун түрү, көлөмү жана мөөнөтү сот аткаруучу тарабынан ар бир учурда мүлктүн касиеттерин, менчик ээси же ээси үчүн анын маанилүүлүгүн, пайдалануу мүнөзүн жана башка факторлорду эске алуу менен аныкталат.

4. Карызкордун мүлкүн камакка алуу (каттоочу орган тарабынан аткарылуучу камакка алууну, банктагы эсептерде турган акча каражаттарын камакка алуу, ушул Мыйзамдын 69-беренесинде көрсөтүлгөн эсептердеги баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунда турган баалуу кагаздарды жана акча каражаттарын камакка алууну кошпогондо) мүлктү камакка алуу жөнүндө актыны түзүү менен калыс-күбөнүн катышуусунда сот аткаруучу тарабынан жүргүзүлөт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) мүлктү камакка алууда катышкан адамдардын фамилиялары, аты, атасынын аттары;

2) актыга киргизилген ар бир буюмдун аталышы, буюмдун айырмалоочу белгилери же мүлктүк укук бар экенин ырастаган документтер;

3) мүлктү пайдалануу укугунун түрлөрү, көлөмү жана чектөө мөөнөтү;

4) мүлк жооптуу сактоого сот аткаруучу тарабынан берилген адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты, көрсөтүлгөн адамдын дареги;

5) камакка алынган мүлк жооптуу сактоого сот аткаруучу тарабынан берилген адамга анын милдеттерин түшүндүрүү жана бул мүлктү коромжуга учуратуу же болбосо ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу үчүн жазык жоопкерчилиги жөнүндө белги, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдын коюлган колу;

6) адам камакка алынган мүлктү сактоого кабыл алуудан баш тарткан же мындай адам болбогон учурда мүлктү алып коюу жөнүндө белги;

7) мүлктү камакка алууда катышкан адамдардын эскертүүлөрү жана билдирүүлөрү.

5. Карызкордун мүлкүн камакка алуу жөнүндө актыга сот аткаруучу, калыс-күбө, көрсөтүлгөн мүлк сот аткаруучусу тарабынан жооптуу сактоого берилген адам жана камакка алууда катышкан башка адамдар кол коюшат. Көрсөтүлгөн адамдардын кимдир-бирөө актыга кол коюудан баш тарткан учурда, ага тиешелүү белги коюлат.

6. Карызкордун мүлкүн камакка алуу жөнүндө актынын көчүрмөсү карызкорго, камакка алынган мүлктү жооптуу сактоого кабыл алган адамга тапшырылат, өндүрүп алуучуга жана башка кызыкдар адамдарга акт түзүлгөн күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен, ал эми мүлктү алып коюуда - токтоосуз жиберилет.

7. Карызкордун кыймылсыз мүлкүнө камак салуу сот аткаруучунун токтомунун негизинде жүргүзүлөт, ал каттоочу мамлекеттик органга жиберилет. Кыймылсыз мүлктү камак салуу жөнүндө токтом аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.

8. Камак салуу ушул Мыйзамдын 111-беренесинде жана 115-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 8-пункттарында каралган учурларда же өндүрүп алуучунун арызы боюнча сот аткаруучунун токтомунун негизинде жокко чыгарылат. Камак салууну жокко чыгаруу же камак салууну жокко чыгаруудан баш тартуу жөнүндө токтом аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына, тиешелүү органдарга жиберилет жана ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттанылышы мүмкүн.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-56)
