# 54-берене. Карызкордун жана өндүрүп алуучунун мүлкүн жана мүлктүк укуктарын мамлекеттик каттоо

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 54-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-54

---

1. Сот аткаруучу карызкордун өндүрүп алынышы мүмкүн болгон башка мүлкү же мүлктүк укугу жок же жетишсиз болгондо, көрсөтүлгөн мүлктү же мүлктүк укукту андан ары өндүрүп алуу максатында карызкордун мүлккө болгон менчик укуктарын, ага таандык болгон жана мамлекеттик каттоого жаткан башка мүлктүк укуктарды белгиленген тартипте мамлекеттик каттоо үчүн каттоо органына кайрылат.

2. Карызкордун мүлккө болгон укуктарын мамлекеттик каттоо үчүн сот аткаруучу каттоо органына карызкордун мүлкүнө, башка мүлктүк укуктарына менчик укуктарын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө токтомдун эки нускасын жана мүлккө, башка мүлктүк укуктарга менчик укугун каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка зарыл документтерди берет.

3. Карызкордун мүлкүн, башка мүлктүк укуктарын мамлекеттик каттоо үчүн документтерди каттоо жана жол-жоболоштуруу боюнча чыгашалар аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларга кирет.

4. Сот аткаруучу карызкорго катталган мүлккө, башка мүлктүк укуктарга өндүрүп алуучунун менчик укуктарын мамлекеттик каттоо үчүн каттоо органына төмөнкү учурларда кайрылат:

1) мамлекеттик каттоо талабы сот актысында камтылган;

2) сот актысында мүлк же мүлктүк укук өндүрүп алуучуга таандык экени көрсөтүлгөн;

3) өндүрүп алуучу сот аткаруучунун сунушу боюнча карызкордун сатылбаган мүлкүн же мүлктүк укугун өзүнө калтырган.

5. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларда мүлккө, башка мүлктүк укукка менчик укугун мамлекеттик каттоо жөнүндө документ өндүрүп алуучуга берилет, ал эми көчүрмөсү сот аткаруучуга жиберилет.

6. Мүлккө, башка мүлктүк укукка менчик укугун мамлекеттик каттоо жөнүндө документтин көчүрмөсү аткаруу өндүрүшүнүн материалдарында сакталат.

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-55)
