# 53-берене. Карызкорду, анын мүлкүн издөө, баланы издөө

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 августа 2020 года № 135 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"](https://aqlex.ai/kg/doc/112069)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=1283412..1283413>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 53-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-53

---

1. Баккан адамдын ден соолугуна же өлүмгө учурашынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу, кылмыш менен келтирилген залалдын ордун толтуруу жөнүндө аткаруу документтери боюнча карызкордун турган жери тууралуу маалыматтар болбогон учурда, сот аткаруучу өз демилгеси менен же өндүрүп алуучунун арызы боюнча карызкорду издөө жөнүндө токтом чыгарат.

Карызкордун турган жери жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда, алименттерди өндүрүү жөнүндө аткаруу документи боюнча сот аткаруучу өндүрүп алуучунун арызына карабастан карызкорду издөө жөнүндө токтом чыгарат. Алиментти өндүрүп алуу, баккан адамдын ден соолугуна же өлүмгө учурашынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу, кылмыш менен келтирилген залалдын ордун толтуруу жөнүндө аткаруу документтери боюнча карызкордун мүлкүн издөө жөнүндө, ошондой эле баланы алып коюу жөнүндө аткаруу документи боюнча баланы издөө жөнүндө токтом ушул эле тартипте чыгарылат.

2. Издөө төмөнкүдөй жарыяланат:

1) аткаруу документин аткаруу жери боюнча;

2) карызкордун, баланын белгилүү болгон акыркы жашаган жери, карызкордун мүлкүнүн жайгашкан жери же болбосо өндүрүп алуучунун жашаган жери боюнча.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган учурларда карызкорду - жеке жакты издөө жана баланы издөө ички иштер органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Карызкордун - юридикалык жактын мүлкүн, карызкордун - жеке жактын мүлкүн жана карызкор жеке жактын мүлкүн издөө тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракетте сот аткаруучулар тарабынан жүзөгө ашырылат.

5. Карызкорду, анын мүлкүн издөөдөн, баланы издөөдөн баш тартуу жөнүндө токтом ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө даттанылышы мүмкүн.

6. Карызкорду, анын мүлкүн издөө жана баланы издөө боюнча чыгашалар аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларга кирет.

7. Карызкорду - жеке жакты издөө жана баланы издөө боюнча чыгашалар арыздын жана мындай издөөнү жүзөгө ашырган ички иштер органынын эсептөөсүнүн негизинде аныкталат.

Карызкордун - юридикалык жактын мүлкүн жана карызкордун - жеке жактын мүлкүн издөө боюнча чыгашалар сот аткаруучу тарабынан жүргүзүлгөн эсептөөнүн негизинде аныкталат. Эсептөөлөрдү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. (КР 2020-жылдын 17-августундагы № 135 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-54)
