# 52-берене. Чыгууга убактылуу чектөө

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 28.10.2021 [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305); 17.08.2020 [Закон КР от 17 августа 2020 года № 135 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регулирования алиментных обязательств"](https://aqlex.ai/kg/doc/112069)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=36903..44214>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-52>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-52.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 52-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-52

---

1. Аткаруу документинде камтылган талаптарды ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт аяктагандан кийин сот аткаруучу карызкордун - жеке жактын, ошондой эле карызкордун - менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактын жетекчисинин Кыргыз Республикасынан чыгуусун убактылуу чектөө жөнүндө токтом чыгарат, ал ушул Мыйзамда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

Салык кызматынын органдарынын аткаруу документтери боюнча сыртка чыгууга убактылуу чектөө жөнүндө токтом карыздын өлчөмү жалпысынан 500 эсептик көрсөткүчтөн ашкан учурларда чыгарылат.

2. Токтомдун көчүрмөлөрү карызкорго, өндүрүп алуучуга жана мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органга жиберилет.

3. Карызкордун чыгып кетишине убактылуу чектөө коюу жөнүндө токтом төмөнкү учурлардын бири болгондо гана жокко чыгарылат: аткаруу документи толук көлөмдө аткарылганда; өндүрүп алуучунун арызы боюнча; аткарылган күнгө карата алименттик милдеттенмелер боюнча карызды толугу менен төлөгөндө; аткарылган күнгө карата мезгилдүү төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча карыз толугу менен жоюлганда; аткаруу өндүрүшү кыскартылганда. Бул учурларда сот аткаруучу карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгуусуна убактылуу чектөө жокко чыгарылганы жөнүндө 24 сааттын ичинде токтом чыгарат. Токтомдун көчүрмөлөрү карызкорго жана мамлекеттик чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.

31. Карызкордун чыгуусуна укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча, ошондой эле салык кызматынын органдарынын аткаруу документтери боюнча убактылуу чектөө бул тутумга укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча, салык кызматынын органдарынын аткаруу документтери боюнча төлөмдөрдүн толук көлөмдө төлөнгөндүгү, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган аткаруу жыйымы төлөнгөндүгү жөнүндө маалымат түшкөндө, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автоматташтырылган маалыматтык тутуму тарабынан түзүлгөн электрондук отчет менен алып салынышы мүмкүн.

Электрондук отчет карызкордун чыгып кеткенине убактылуу коюлган чектөөнү жокко чыгаруу жөнүндө сот аткаруучунун токтомун бир жумуш күндүн ичинде чыгаруу үчүн негиз болуп саналат. Токтомдун көчүрмөсү карызкорго токтотуусуз жөнөтүлөт. Карызкордун чыгып кеткенине убактылуу чектөөнү коюу жана/же алуу боюнча ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тартиби улуттук коопсуздук органы менен биргеликте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

4. Алименттик милдеттенмелер боюнча жана мезгилдүү төлөмдөрдү өндүрүп алуу боюнча карызкордун чыгып кетишине чектөө коюу карыз бар болгон учурда гана мүмкүн.

(КР 2020-жылдын 17-августундагы № 135, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 ,2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-51)  
Кийинки берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-53)
