# 51-берене. Камсыз кылуу мүнөзүндөгү аткаруу иш-аракеттеринин түрлөрү

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.06.2026 [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 28.10.2021 [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 51-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-51

---

1. Аткаруу документтеринин талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу максатында сот аткаруучу ыктыярдуу аткаруу жөнүндөгү сунуш тапшырганга чейин жана ал мөөнөттүн ичинде камсыз кылуу мүнөзүндөгү төмөнкүдөй аткаруу иш-аракеттерин жүзөгө ашырат:

1) карызкордун мүлкүн издөөнү жүргүзөт, анын мүлкүнө, анын ичинде акча каражаттарына жана баалуу кагаздарына камак салат, көрсөтүлгөн мүлкүн алып коет, камак салынган жана алып коюлган мүлктү сактоого өткөрүп берет;

2) (КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3) карызкорду жана анын мүлкүн издөө, баланы издөө жарыялайт;

4) (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) карызкордун Кыргыз Республикасынан чыгуусуна убактылуу чектөөлөрдү белгилейт;

51) менчигинин түрүнө карабастан, карызкордун - юридикалык жактын жетекчисинин Кыргыз Республикасынан чыгуусуна убактылуу чектөө киргизет;

6) (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7) аткаруу документтерин өз убагында, толук жана туура аткаруу үчүн ушул Мыйзамда белгиленген башка аткаруу иш-аракеттерин жасайт.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1, 3, 5, 51 жана 7-пункттарында көрсөтүлгөн аткаруу иш-аракеттерин сот аткаруучу Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында жасоого укуктуу. Чет мамлекеттеги аткаруу иш-аракети Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5 жана 51-пунктунда көрсөтүлгөн аткаруу иш-аракеттерин сот аткаруучу өндүрүп алуучунун арызынын негизинде жана ушул чараны кабыл албоо андан аркы аткарууга мүмкүндүк бербей турган жагдайлар болгондо гана жасоого укуктуу.

31. Укук бузуулар жөнүндө иштери боюнча төлөмдөр толук көлөмдө төлөгөндүгү, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган аткаруу жыйымы төлөнгөндүгү тууралуу маалымат ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын автоматташтырылган маалымат системасына келип түшкөн учурда, укук бузуулар жөнүндө иштери боюнча карызкордун чыгып кеткенине убактылуу коюлган чектөө ушул система менен түзүлгөн электрондук отчет аркылуу алып салынышы мүмкүн.

Электрондук отчет карызкордун чыгып кеткенине убактылуу коюлган чектөөнү жокко чыгаруу жөнүндө сот аткаруучунун токтомун бир жумуш күндүн ичинде чыгаруу үчүн негиз болуп саналат. Токтомдун көчүрмөсү карызкорго токтотуусуз жөнөтүлөт. Карызкордун чыгып кеткенине убактылуу чектөөнү коюу жана/же алуу боюнча ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тартиби улуттук коопсуздук органы менен биргеликте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

4. Алименттик милдеттенмелер боюнча жана мезгилдүү төлөмдөрдү өндүрүп алуу боюнча карызкордун чыгып кетишине чектөө коюу карыз бар болгон учурда гана мүмкүн.

(КР 2020-жылдын 17-августундагы № 135, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2024-жылдын 12-январындагы № 11, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2026-жылдын 3-июнундагы №79 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-52)
