# 50-берене. Ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.06.2026 [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 28.10.2021 [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 50-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-50

---

1. Аткаруу документин аткаруу үчүн биринчи жолу берүүдө сот аткаруучу карызкорго аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушту тапшырат.

2. Ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушта сот аткаруучу:

1) карызкор аткаруу документин ыктыярдуу аткаруусу үчүн мөөнөттү белгилейт;

2) ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөттүн аякташы менен андан тиешелүүлүгүнө жараша ушул Мыйзамдын 118 жана 129-беренелеринде каралган аткаруу жыйымын жана аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларды өндүрүп алуунун көрсөтүлгөн талаптарын мажбурлап аткартуу жөнүндө карызкорго эскертүү берет;

3) сот актысын аткарбаганы, ага тете анын аткарылышына тоскоолдук кылганы үчүн жоопкерчилик жөнүндө, ошондой эле ушул Мыйзамда каралган чектөө чараларын колдонуу мүмкүнчүлүгү тууралуу карызкорго эскертүү берет;

4) ушул Мыйзамдын 1-тиркемесине ылайык белгиленген форма боюнча мүлккө карызкордун укуктары жөнүндө маалыматтарды (мындан ары - маалыматтар) толтурууну жана берүүнү сунуш кылат.

3. Ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушту карызкорго талаптагыдай тапшырган күндөн тартып он жумушчу күн деп белгиленет.

Ушул Мыйзамдын 45-беренесинде белгиленген жол-жоболордун сот аткаруучу тарабынан сакталышы аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунушту талаптагыдай тапшыруу болуп эсептелет.

4. Эгерде аткаруу документинде аткаруу мөөнөтү көрсөтүлсө, анда ыктыярдуу аткаруу үчүн мөөнөт белгиленбейт.

5. Аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш төмөнкү учурларда тапшырылбайт:

1) карызкордон аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларды, аткаруу документин аткаруу процессинде соттук аткаруучу салган аткаруу жыйымдарын жана айыптарын өндүрүп алуу жөнүндө чыгарылган жана аткарылбаган токтомдор боюнча;

2) аткаруу документин улам кийинки берүүлөрдө;

3) иш-аракетти (укукту) токтото туруу жөнүндө аткаруу документи боюнча;

4) мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документи боюнча;

5) ушул Мыйзамдын 17-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн аткаруу документи боюнча;

6) эгерде аткаруу документи токтоосуз аткарылууга жатса.

6. Карызкордун иш жүзүндө турган жери белгисиз болгондо өндүрүп алуучу соттон карызкордун мүлкү жайгашкан жери боюнча өкүл дайындоо жөнүндө сурана алат жана ага ушул беренеде каралган тартипте аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу жөнүндө сунуш тапшырылат.

7. Карызкор аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу үчүн карызкорго берилген мөөнөт аяктаганга чейин аткаруу документин аткаруу жери боюнча сот аткаруучулардын кызматынын бөлүмүнө маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

Маалыматта Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык карызкор анык эмес билдирүүлөрдү, толук эмес жана/же анык эмес маалыматтарды бергендиги, ушуга тете маалыматтарда көрсөтүлгөн мүлктү ажыраткандыгы жана/же коромжу кылгандыгы үчүн жоопкерчилиги жөнүндө эскертилет. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-49)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-51)
