# 49-берене. Аткаруу документин кабыл алуудан баш тартуу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.06.2026 [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 28.10.2021 [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-49>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-49.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 49-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-49

---

1. Сот аткаруучу аткаруу документин кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө токтом чыгарат, эгерде:

1) аткаруу документи өндүрүп алуучунун арызы жок аткарууга кабыл алынууга тийиш болгон учурларды кошпогондо, аткаруу документи өндүрүп алуучунун арызы болбостон берилсе же болбосо өндүрүп алуучу же анын өкүлү арызга кол койбосо;

2) ушул Мыйзамдын 47-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, аткаруу документи аткаруу иш-аракеттери жасалган жери боюнча берилбесе;

21) аткаруу документи жеке сот аткаруучуларга уруксат берилбеген аткаруу документтеринин категориялары боюнча берилди;

3) сот актысын, аткаруу кагазын, нотариустун аткаруу жазуусун аткарууга берүү мөөнөтү бүтсө жана сот тарабынан калыбына келтирилбесе;

4) аткаруу документин аткарууга берүү мөөнөтү бүтсө;

5) документ аткаруучу болуп саналбаса же болбосо ушул Мыйзамдын 18-беренесинде белгиленген аткаруу документтерине коюлуучу талаптарга ылайык келбесе;

6) аткаруу документи мурда аткарууга берилсе, ал эми ал боюнча аткаруу өндүрүшү ушул Мыйзамдын 111-беренесинде белгиленген негиздер боюнча токтотулса;

7) аткаруу документи мурда аткарууга берилсе, ал эми ал боюнча аткаруу өндүрүшү 115-берененин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында белгиленген негиздер боюнча аяктаса;

8) токтоосуз аткарылууга жаткан аткаруу документтерин кошпогондо, аткаруу документи болуп саналган же анын негизинде аткаруу документи берилген акт мыйзамдуу күчүнө кирбесе;

9) аткаруу документи Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот аткаруучулар бөлүмү тарабынан аткарылууга жатпаса;

10) аткаруу документинде аткаруу үчүн белгиленген мөөнөт бүтпөсө.

11) айыпты өндүрүү жана мүлктү конфискациялоо жөнүндө аткаруу документи ушул Мыйзамдын 94 жана 95-беренелеринде коюлган талаптарга жооп бербесе.

12) салык карызын камсыз кылуу жөнүндө аткаруу документи Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келбесе.

2. Аткаруу документин кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө сот аткаруучунун токтомунун көчүрмөсү келип түшкөн бардык документтерди тиркөө менен көрсөтүлгөн токтом чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен өндүрүп алуучуга, ошондой эле аткаруу документин берген сотко, мамлекеттик органга же кызмат адамына жиберилет. Сот аткаруучунун токтомуна Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-4, 7, 10, 11-пункттарында каралган жагдайларды четтетүү аткаруу документин ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сот аткаруучуга кайрадан жиберүүгө (берүүгө) тоскоолдук кылбайт.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2026-жылдын 3-июнундагы №79 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-48)  
Кийинки берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-50)
