# 47-берене. Аткаруу документин берүүнүн тартиби

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 47-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-47

---

1. Аткаруу документи жана аткаруу документин кабыл алуу жөнүндө арыз өндүрүп алуучу тарабынан аткаруу иш-аракеттерин жасоо жана мажбурлап аткартуу чараларын көрүү жери боюнча тиешелүү сот аткаруучулар бөлүмүнө же жеке сот аткаруучуга берилет.

Арызга өндүрүп алуучу же анын өкүлү кол коет. Өкүл ишеним катты же өзүнүн ыйгарым укуктарын ырастоочу башка документти арызга тиркейт. Арызда аткаруу документинде камтылган мүлктүк өндүрүп алуулар жөнүндө, ошондой эле карызкор үчүн ушул Мыйзамда каралган чектөөлөрдү белгилөө тууралуу талаптардын аткарылышын камсыз кылуу максатында карызкордун мүлкүн камоого алуу жөнүндө өтүнүч камтылышы мүмкүн же ага мындай өтүнүч менен өзүнчө жүйөлөнгөн өтүнмө тиркелиши мүмкүн.

2. Эгерде өндүрүп алуучу аткарууга документти сот аткаруучуларынын кайсы кызматына берүү керектиги белгисиз болсо, анда ал аткаруу документин жана арызды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же анын аймактык башкармалыгына жиберүүгө укуктуу.

Башкы сот аткаруучу көрсөтүлгөн документтерди сот аткаруучулардын тиешелүү бөлүмүнө алар алынган күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө, а эгерде аткаруу документтери токтоосуз аткарылууга тийиш болсо алар алынган күнү жиберет. (КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [46-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-46-2)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-48)
