# 46-берене. Аткаруу өндүрүшүн жүргүзүү убагында даректи алмаштыруу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=56538..59875>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 46-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-46

---

1. Аткаруу өндүрүшүнө катышып жаткан адам өзүнүн дарегинин алмашканы жөнүндө сот аткаруучулар бөлүмүнө билдирүүгө, ошондой эле кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоолорду жиберүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүүгө жана актуалдаштырууга милдеттүү.

2. Мындай билдирүү жок болгон учурда кабарлоо же чакыруу кагазы көрсөтүлгөн адамдын белгилүү болгон акыркы дареги боюнча же болбосо тиешелүү маалыматтар болгон учурда кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жиберилет жана аталган жак бул дарек боюнча мындан ары жашабаганына же турбаганына, же болбосо тиешелүү байланыш каражаттарын иш жүзүндө пайдаланбаганына карабастан, талаптагыдай кабарландырылды деп эсептелет.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-45)  
Кийинки берене: [461-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-461)
