# 44-берене. Чакыруу кагазынын же кабарлоонун мазмуну

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 44-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-44

---

1. Чакыруу кагазы же кабарлоо төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) сот аткаруучулар бөлүмүнүн аталышын жана дарегин же болбосо жеке сот аткаруучунун жайгашкан жерин;

2) даректелүүчүнүн аталышын;

3) даректелүүчү ким катары кабарланып же чакырылып жатканын көрсөтүүнү;

4) даректелүүчү кабарланган же чакырылган аткаруу өндүрүшүнүн аталышын же номерин;

5) аткаруу иш-аракети жасалган же мажбурлап аткартуу чаралары колдонулган датаны, убакытты жана жерди.

2. Эгерде даректелүүчүгө кабарлоо же чакыруу кагазы менен кошо сот аткаруучунун токтомунун көчүрмөсү жиберилсе, анда ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4 жана 5-пункттарында каралган маалыматтар кабарлоодо же чакыруу кагазында көрсөтүлбөшү мүмкүн.

3. Кабарлоодо же чакыруу кагазында даректелүүчүнүн чакыруу боюнча келбей калуусунун кесепеттери көрсөтүлөт.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-45)
