# 43-берене. Аткаруу өндүрүшүндөгү билдирүүлөр жана чакыруулар

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.10.2026 [Закон КР от 6 октября 2026 года № 148 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уведомления лиц государственными органами посредством сервиса гарантированной доставки сообщений"](https://aqlex.ai/kg/doc/230052090); 03.06.2026 [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=56538..59875>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 43-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-43

---

1. Аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдар аткаруу иш-аракеттери жөнүндө жана мажбурлап аткаруу чаралары жөнүндө тийиштүү кабарлоону жиберүү жана дарек ээсинин алуу фактысын белгилөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарландырылат.

Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоо жиберүү үчүн техникалык мүмкүнчүлүк же болбосо зарыл болгон маалыматтар жок болгон учурда, кабарлоо тиешелүү билдирүү жиберилген жана дарек ээси тарабынан алынган фактысын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү СМС-билдирүү, электрондук почта же телекоммуникациянын башка ушуга окшош формалары аркылуу жөнөтүлөт. Кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервисинин иштөө тартиби, ошондой эле көрсөтүлгөн сервис аркылуу кабарламаларды (кабарлоолорду, чакыруу кагаздарын, документтерди) жиберүү, жеткирүү жана белгилөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

2. Аткаруу документи токтоосуз аткарылууга жаткан учурларда, ошондой эле мүлктү камоого алууда жана башка камсыз кылуучу чараларды көрүүдө сот аткаруучу аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдарга бул тууралуу алдын ала кабарлабастан аткаруу иш-аракеттерин жасоого жана мажбурлап аткартуу чараларын көрүүгө укуктуу.

3. Аткаруу өндүрүшүнө катышкан жакка даректелген кабарлоо же чакыруу кагазы аткаруу документинде көрсөтүлгөн дарек боюнча, же болбосо тийиштүү маалыматтар болгон учурда кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу жиберилет.

Адам башка даректи, анын ичинде кабарламаларды кепилденген жеткирүү сервиси аркылуу кабарлоолорду жиберүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды көрсөтүүгө укуктуу. Кабарлоо же чакыруу кагазы аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдын иштеген жери боюнча да жөнөтүлүшү мүмкүн.

4. Юридикалык жакка даректелген кабарлоо же чакыруу кагазы анын юридикалык дареги же анын өкүлчүлүгүнүн же филиалынын юридикалык дареги боюнча же болбосо юридикалык жак жазуу жүзүндө көрсөткөн башка дарек, анын ичинде электрондук почтанын дареги боюнча жиберилет.

5. Сот аткаруучунун чакыруусу боюнча келүүдөн качкан адамдар сот аткаруучунун токтомунун негизинде алып келүүгө дуушар болушу мүмкүн.

Алып келүү жөнүндө сот аткаруучунун токтомун сот аткаруучуга келүүдөн качкан адам жашаган (турган) жер боюнча ички иштер органдары тарабынан аткарылат. (КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79, 2026-жылдын 6-октябрындагы № 148 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-44)
