# 39-берене. Сот актысын, аткаруу барагын, нотариустун аткаруу жазуусун аткарууга берүүнүн өткөрүлгөн мөөнөтүн калыбына келтирүү

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=1283413..1283414>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 39-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-39

---

1. Сот актысын, аткаруу барагын, нотариустун аткаруу жазуусун аткарууга берүү үчүн мөөнөттү өткөрүп жиберген өндүрүп алуучу сот актысын кабыл алган, аткаруу барагын берген же болбосо нотариалдык кеңсе жайгашкан жер боюнча сотко өткөрүлгөн мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арыз менен кайрылууга укуктуу.

Сот актысын, аткаруу барагын, нотариустун аткаруу жазуусун аткарууга берүү үчүн өткөрүлүп жиберилген мөөнөт сот тарабынан калыбына келтирилген учурда, аталган аткаруу документтери соттун тиешелүү аткаруу документин аткаруу үчүн өткөрүлүп жиберилген мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө чечими чыккан күндөн тартып үч айдын ичинде аткарууга берилет.

2. Калган аткаруу документтери боюнча өткөрүлгөн мөөнөттөр калыбына келтирилүүгө жатпайт.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-40)
