# 38-берене. Аткаруу документин аткарууга берүү мөөнөтүн үзгүлтүккө учуратуу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 38-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-38

---

1. Аткаруу документин аткарууга берүү мөөнөтү төмөнкүдөй үзгүлтүккө учурайт:

1) аткаруу документин аткарууга берүүдө;

2) карызкор тарабынан аткаруу документин жарым-жартылай аткарууда.

2. Үзгүлтүккө учурагандан кийин аткаруу документин аткарууга берүү мөөнөтүнүн жүрүшү кайтадан башталат. Мөөнөт үзгүлтүккө учураганга чейин бүткөн убакыт жаңы мөөнөткө кошуп эсептелбейт.

3. Аткаруу документин аткарууга мүмкүн болбогонуна байланыштуу аны өндүрүп алуучуга кайтарып берген учурда, аткаруу документин аткарууга берүү мөөнөтү аткаруу документи өндүрүп алуучуга кайтарып берилген күндөн тартып эсептелет.

4. Эгерде актыны аткаруу мөөнөтү узартылса же токтотулуп турса, анда аткаруу документин аткарууга берүү мөөнөтүнүн жүрүшү аткаруу актысын кайтадан башталган күнүнөн тартып кайтадан башталат.

5. Аткаруу документин аткаруу мөөнөтү создуктурулган учурда аны аткарууга берүү мөөнөтүнүн жүрүшү созулган мөөнөткө узартылат.

6. Ушул берененин 1-4-бөлүктөрүнүн колдонулушу укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча чыгарылган актыларга жайылтылбайт.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-39)
