# 37-берене. Аткаруу документтерин аткарууга берүү мөөнөттөрү

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2026 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам Международного центра по разрешению споров в специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.07.2026 [Закон КР от 22 июля 2026 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам Международного центра по разрешению споров в специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049035); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 28.10.2021 [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=53991..56538>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 37-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-37

---

1. Аткаруу документтери мажбурлап аткартууга төмөнкү мөөнөттөрдө берилиши мүмкүн:

1) сот актылары, аткаруу барактары - сот актылары күчүнө кирген учурдан тартып үч жылдын ичинде;

11) "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борборунун комитетинин чечимдеринин негизинде берилүүчү аткаруу барактары - үч жылдын ичинде;

12) "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борборунун комитетинин камсыз кылуу чараларын колдонуу жөнүндө чечимдеринин негизинде берилүүчү аткаруу барактары - бир жылдын ичинде;

2) бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу органдардын же кызмат адамдарынын токтомдору, - башка органдардын токтомдору мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып үч жылдын ичинде;

3) нотариустардын аткаруу жазуулары - алар берилген учурдан тартып үч айдын ичинде;

4) эмгектик талаштар боюнча комиссиялардын жана кесиптик бирлик комитетинин чечимдеринин негизинде берилүүчү ырастамалар, - алар берилген күндөн тартып үч айдын ичинде;

41) салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча салык төлөөчү тарабынан таанылган карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө салык кызматынын органдарынын билдирүүлөрү, - алар тапшырылган учурдан тартып үч жыл;

5) мыйзамда каралган учурларда аткаруу документтери болуп саналган башка органдардын актылары, - эгерде мыйзамда аларды аткарууга берүүнүн башка мөөнөттөрү белгиленбесе, үч айдын ичинде.

2. Мезгилдүү төлөмдөрдү өндүрүп алуу жөнүндө аткаруу документтери (алименттерди өндүрүп алуу, ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана башкалар) төлөмдөр ыйгарылган бүткүл убакытка күчүн сактайт. Мында аткаруу документтерин аткарууга берүүнүн мөөнөттөрү ар бир төлөм үчүн өзүнчө эсептелет жана алар ар бир төлөмдүн мөөнөтү келип жеткен күндөн кийинки күндөн тартып башталат.

(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-38)
