# 36-берене. Аткаруу өндүрүшүндө мөөнөттөрдү эсептөө

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 36-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-36

---

1. Ушул Мыйзамда каралган мөөнөттөр күндөр, айлар жана жылдар менен эсептелет.

2. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо үчүн мөөнөттөр так календардык дата, милдеттүү түрдө келүүсү тийиш болгон окуяны көрсөтүү менен же убакыттын мезгили менен аныкталат. Акыркы учурда иш-аракет бүткүл мезгилдин ичинде жасалышы мүмкүн.

3. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо үчүн мөөнөттүн өтүшү календардык датадан же анын башталышы аныкталган окуя келип жеткенден кийинки жумушчу күнү башталат.

4. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо үчүн мөөнөттү эсептөөдө күн 24 сааттык болуп эсептелет.

5. Айлар менен эсептелген мөөнөт тиешелүү айда жана мөөнөттүн акыркы айынын күнүндө бүтөт. Эгерде айлар менен эсептелген мөөнөттүн аягы тиешелүү күнү болбогон айга туш болсо, анда мөөнөт ошол айдын акыркы күнү бүтөт.

6. Жылдар менен эсептелген мөөнөт мөөнөттүн акыркы жылынын тиешелүү айында жана күнүндө бүтөт.

7. Мөөнөттүн акыркы күнү жумушчу эмес күнгө туш келген учурларда, мөөнөт бүткөн күн болуп жумушчу эмес күндөн кийинки биринчи жумушчу күн эсептелет.

8. Аткаруу үчүн мөөнөтү белгиленген аткаруу иш-аракети мөөнөттүн акыркы күнү саат 24.00гө чейин аткарылышы мүмкүн. Бирок, эгерде бул иш-аракет аткаруу документтерин мажбурлап аткартуу боюнча функцияларды жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу органда (мындан ары - сот аткаруучуларынын аймактык бөлүмү) же болбосо жумушчу убакыт белгиленген башка уюмдарда, ишканаларда, мекемелерде жасалууга тийиш болсо, анда мөөнөт жумушчу убакыт аяктаган учурда бүтөт.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-37)
