# 35-берене. Аткаруу өндүрүшүндө өзүн өзү четтетүү

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 35-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-35

---

1. Ушул Мыйзамдын 34-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган негиздер боюнча сот аткаруучу, котормочу, эксперт, адис жана калыс-күбө өзүн өзү четтетүүнү билдирүүгө милдеттүү.

2. Сот аткаруучунун өзүн өзү четтетүүсү токтом менен жол-жоболоштурулат, анын көчүрмөсү көрсөтүлгөн токтом чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жиберилет.

Тиешелүү жогору турган сот аткаруучу өзүн-өзү четтетүүнү билдирген сот аткаруучудан аткаруу өндүрүшүн башка сот аткаруучуга же сот аткаруучулардын башка бөлүмүнө өткөрүп берет. Жеке сот аткаруучу өзүн өзү четтеткен учурда, аткаруу өндүрүшүнүн материалдары өндүрүп алуучунун жазуу жүзүндөгү макулдугу менен башка жеке сот аткаруучуга өткөрүлүп берилет, же болбосо аткаруу документи өндүрүп алуучунун арызы боюнча ага кайтарылат.

3. Котормочунун, эксперттин адистин, калыс-күбөнүн өзүн өзү четтетүүсү сот аткаруучунун токтому менен жол-жоболоштурулат. Тараптар сот аткаруучунун өзүн өзү четтетүү жөнүндө токтомун жогору турган сот аткаруучуга же сотко даттанууга укуктуу. Токтомдорду даттануу аткаруу өндүрүшүн токтотуп турууга алып келбейт.

Жеке сот аткаруучунун өзүн өзү четтетүү жөнүндө токтомун тараптар сотко даттанууга укуктуу.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-36)
