# 34-берене. Аткаруу өндүрүшүндөгү четтетүү

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 34-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-34

---

1. Эгерде сот аткаруучу, котормочу, эксперт, адис, калыс-күбө аткаруу өндүрүшүнүн тарабынын жубайы же болбосо аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын, алардын өкүлдөрүнүн же аткаруу өндүрүшүнө катышкан башка адамдардын тууганы болуп саналса, көрсөтүлгөн адамдарга баш ийсе же контролунда болсо же болбосо аткаруу өндүрүшүнүн жыйынтыгына кызыкдар болсо, ал аткаруу өндүрүшүнө катыша албайт жана четтетүүгө жатат.

2. Четтетүүнү өндүрүп алуучу же карызкор тарабынан билдириши мүмкүн. Четтетүү үчүн негиздер бар экени жөнүндө аткаруу иш-аракеттерин жасоо же мажбурлап аткартуу чараларын колдонуу башталгандан кийин белгилүү болгон учурларды кошпогондо, четтетүү жүйөлөнүүгө, жазуу жүзүндө баяндалууга тийиш жана аткаруу иш-аракеттерин жасоо же мажбурлап аткартуу чараларын колдонуу башталганга чейин билдирилиши керек.

3. Сот аткаруучуну четтетүү жөнүндө маселе четтетүү же өзүн өзү четтетүү жөнүндө арыз келип түшкөн күндөн тартып бир күндөн кечиктирбестен улук сот аткаруучу тарабынан чечилет, бул тууралуу жүйөлөнгөн токтом чыгарылат.

Улук сот аткаруучуну четтетүү жөнүндө маселе Башкы сот аткаруучу тарабынан ушул бөлүктө белгиленген мөөнөттө чечилет, бул тууралуу жүйөлөнгөн токтом чыгарылат. Сот аткаруучуну четтетүү жөнүндө арыз канааттандырылган учурда, токтомдо аткаруу өндүрүшү өткөрүлүп берилген сот аткаруучу көрсөтүлөт.

31. Жеке сот аткаруучуну четтетүү жөнүндө маселе ушул беренеде белгиленген тартипте Жеке сот аткаруучулардын палатасы тарабынан каралат.

4. Котормочуну, калыс-күбөнү, экспертти же адисти четтетүү жөнүндө маселе четтетүү жөнүндө арыз келип түшкөн күндөн тартып сот аткаруучу тарабынан токтоосуз чечилет, бул жөнүндө жүйөлөнгөн токтом чыгарылат.

5. Тиешелүү сот аткаруучуну четтетүү жөнүндө арыз канааттандырылган учурда, жогору турган сот аткаруучу тарабынан бир эле убакта четтетилген сот аткаруучу тарабынан аткарылып жаткан аткаруу документтин башка сот аткаруучуга же болбосо сот аткаруучулардын башка бөлүмүнө өткөрүп берүү тууралуу маселе чечилет.

6. Четтетүү жөнүндө арызды канааттандыруу же болбосо канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө токтом жогору турган сот аткаруучуга же болбосо сотко даттанылышы мүмкүн.

Башкы сот аткаруучунун аны четтетүү жөнүндө арызды канааттандыруу же болбосо канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө токтомуна сотко даттанылышы мүмкүн. Токтомдорго даттануу аткаруу өндүрүшүн токтотуп турууга алып келбейт.

7. Ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган токтомдордун көчүрмөлөрү көрсөтүлгөн токтомдор чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен сот аткаруучуга, аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жана тиешелүү катышуучуларына жиберилет.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-35)
