# 33-берене. Аткаруу өндүрүшүнө эксперттин, адистин, баалоочунун катышуусу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=1283413..1283414>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 33-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-33

---

1. Аткаруу иш-аракеттерин жасоодо келип чыккан, атайын билимди талап кылган маселелер боюнча корутунду берүү үчүн сот аткаруучу аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси боюнча экспертизаны дайындайт же адисти тарта алат, бул жөнүндө тиешелүү токтом чыгарат. Зарыл болгондо бир нече эксперт, адис тартылышы мүмкүн.

2. Эксперт, адис катарында илим, техника, көркөм өнөр, кол өнөрчүлүк жаатында жана бул негизде корутунду берүү үчүн зарыл болгон билими бар жана аткаруу өндүрүшүнүн жыйынтыгына кызыкдар эмес адам тартылышы мүмкүн. Эксперттин корутундусу жазуу жүзүндө берилет. Адис жазуу жүзүндө көрсөтмө же түшүндүрмө берүүгө укуктуу.

3. Эксперт сот аткаруучунун чакыруусу боюнча келүүгө жана ага коюлган маселелер боюнча калыс корутунду берүүгө милдеттүү. Эгерде коюлган маселе эксперттин атайын билиминин чегинен чыкса же ага берилген материалдар корутунду берүү үчүн жетишсиз болсо, эксперт корутунду берүү мүмкүн эместиги жөнүндө сот аткаруучуга жазуу жүзүндө билдирет.

Адис сот аткаруучунун чакыруусу боюнча келүүгө милдеттүү жана эгерде, ал тиешелүү атайын билими жана көндүмдөргө ээ болбосо, аткаруу өндүрүшүнө катышуудан баш тартууга укуктуу.

4. Эксперт изилдөө предметине тиешелүү аткаруу өндүрүшүнүн материалдары менен таанышууга; корутунду берүү үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды берүү жөнүндө өтүнүүгө; зарыл учурларда аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүгө катышууга укугу бар.

Адис изилдөөнүн предметине тиешелүү аткаруу өндүрүшүнүн материалдары менен таанышууга; зарыл учурларда аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүгө катышууга укугу бар. Эксперт (адис) ошондой эле аткаруу иш-аракеттерин жасоого байланыштуу жүргүзүлгөн ишти аткарганы үчүн сыйакы алууга укугу бар. Бул сыйакы жана экспертизаны жүргүзүүгө кеткен башка сарптоолор аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча чыгашаларга кирет.

5. Эксперт билип туруп жалган корутунду бергени үчүн, ал эми адис - билип туруп жалган көрсөтмө бергени үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган жоопкерчиликти тартат.

6. Камакка алынган мүлктү баалоо үчүн сот аткаруучу экспертти, адисти же болбосо баалоочуну же баалоочу уюмду тартышы мүмкүн.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-34)
