# 32-берене. Аткаруу өндүрүшүнө калыс-күбөлөрдүн катышуусу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 32-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-32

---

1. Төмөнкүлөр менен байланышкан аткаруу иш-аракеттерин жасоодо жана мажбурлап аткартуу чараларын колдонууда калыс-күбөлөрдүн катышуусу милдеттүү:

1) жайгаштыруу, жашаган жерден чыгаруу жөнүндө чечим менен;

2) карызкор же башка адамдар ээлеген турак эмес жайларды жана сактоочу жайларды ачуу менен;

3) карызкорго таандык турак жайларды ачуу менен;

4) турак жайда карызкордун мүлкү бар деп болжолдоого негиз берүүчү далилдер болгондо, карызкор ээлеп турган башка адамдарга таандык турак жайларды ачуу менен;

5) карызкордун мүлкүнө камак салуу, ошондой эле көрсөтүлгөн мүлктү алып коюу жана өткөрүп берүү менен анын мүлкүн тизмелөө менен;

6) өндүрүп алуу мүмкүн эместиги жөнүндө акт түзүү менен.

2. Аткаруу өндүрүшүнүн жыйынтыгына кызыкчылыктары жок, аткаруу өндүрүшүнө катышкан адамдар менен туугандыгы жок, ошондой эле көрсөтүлгөн адамдарга баш ийбеген же контролунда турбаган аракетке жөндөмдүү кандай болбосун жарандар калыс-күбөлөр катары чакырылышы мүмкүн. Сот аткаруучу аткаруу өндүрүшүнө эки калыс-күбөнү тартат.

3. Калыс-күбө кайсы иш-аракеттерди жасоого жана/же кандай чараларды колдонууга катышуу үчүн чакырылып жатканын, иш-аракеттер кайсы аткаруу документтеринин негизинде жасалып жатканын жана чаралар колдонулуп жатканын билүүгө, ошондой эле суроолорду берүүгө укуктуу. Калыс-күбөнүн суроолору көрсөтүлгөн актыга жазылат. Калыс-күбөнүн каалоосу боюнча анын суроолору актыга өз колу менен жазылышы мүмкүн.

Калыс-күбө аткаруу иш-аракетин жасоо жана/же мажбурлап аткартуу чараларын колдонуу, өзү катышкан көрсөтүлгөн иш-аракеттердин жана чаралардын мазмуну жана натыйжалары жөнүндө актыны өзүнүн колу менен ырастоого милдеттүү. Калыс-күбө катышкан аткаруу иш-аракетин жасоону жана/же мажбурлап аткартуу чараларын колдонууну баштар алдында сот аткаруучу ага калыс-күбөнүн ушул беренеде каралган укуктарын жана милдеттерин түшүндүрөт.

---

Мурунку берене: [311-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-311)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-33)
