# 31-берене. Аткаруу өндүрүшүнө котормочунун катышуусу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 31-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-31

---

1. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүдө аткаруу өндүрүшүнүн тараптары же сот аткаруучу котормочуну чакыра алат. Которуу үчүн зарыл болгон тилди билген аракетке жөндөмдүү жеке жак котормочу боло алат.

2. Котормочуну дайындоо жөнүндө чечим сот аткаруучунун токтому менен жол-жоболоштурулат.

3. Котормочунун кызмат көрсөтүүсү зарыл болгон карызкорго же өндүрүп алуучуга сот аткаруучу аны чакыруу үчүн мөөнөт берет. Эгерде карызкор же өндүрүп алуучу көрсөтүлгөн мөөнөттө котормочунун катышуусун камсыз кылбаса, анда сот аткаруучу котормочуну өзүнүн каалоосу боюнча дайындайт.

4. Котормочу аткарган иши үчүн сыйакы алууга укуктуу. Ага төлөнгөн сыйакы аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгашаларга кирет. Сыйакынын өлчөмү жана аны төлөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

5. Билип туруп туура эмес которгон учурда котормочу Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине ылайык жоопкерчилик тартат, бул жөнүндө ал сот аткаруучу тарабынан жазуу жүзүндө эскертилет.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-30)  
Кийинки берене: [311-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-311)
