# 30-берене. Аткаруу өндүрүшүндөгү мыйзамдуу өкүлдөр

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 30-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-30

---

1. Аткаруу өндүрүшүндө аракетке жөндөмсүз, аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген жеке жактардын укуктарын жана мыйзам тарабынан корголуучу кызыкчылыктарын өз ыйгарым укуктарын ырастаган документтерин көрсөткөн мыйзамдуу өкүлдөр - алардын ата-энелери, асырап алуучулары, көзөмөлчүлөрү же камкорчулары коргойт. Мыйзамдуу өкүлдөр аткаруу укугу өкүлдөнүүчүлөргө таандык болгон бардык иш-аракеттерди өкүлдөнүүчүлөрдүн атынан мыйзамда каралган чектөөлөр менен жасашат.

2. Белгиленген тартипте дайынсыз жок деп таанылган жеке жак катышууга тийиш болгон аткаруу өндүрүшү боюнча анын өкүлү катарында соттун чечими менен дайынсыз жок адамдын мүлкүн башкаруучу катары аныкталган адам чыгат.

3. Эгерде мурасты али эч ким кабыл ала элек болсо, каза болгон же белгиленген тартипте каза болду деп жарыяланган адамдын мураскору катышууга тийиш болгон аткаруу өндүрүшү боюнча мураскордун өкүлү катары мурасты аткаруучу же мураска калган мүлктү кайтаруу жана аны башкаруу үчүн дайындалган адам чыгат.

4. Мыйзамдуу өкүлдөр аткаруу өндүрүшүнө катышууну өзү өкүл катарында тандаган башка жакка тапшыра алат.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-31)
