# 29-берене. Тараптардын өкүлдөрү жана алардын ыйгарым укуктары

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 29-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-29

---

1. Жеке жактар аткаруу өндүрүшүнө жеке жана/же өкүлдөрү аркылуу катыша алышат. Өкүлдүн ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жол-жоболоштурулат.

2. Юридикалык жактардын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу өндүрүшүнө катышуулары аларга мыйзам, устав же жобо менен берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып баруучу алардын органдары же кызмат адамдары же болбосо көрсөтүлгөн органдардын өкүлдөрү жана кызмат адамдары аркылуу жүзөгө ашырылат.

3. Өкүлдүн (мыйзамдуу өкүлдөрдөн тышкары) аткаруу документин берүүгө жана кайра чакыртып алууга, аткаруу өндүрүшүнө катышууга, жарашуу макулдашуусун түзүүгө, ыйгарым укуктарды башка жакка берүүгө (кайра ишенип берүү), сот аткаруучунун аракеттерине (аракетсиздигине) жана актыларына даттанууга, ыйгарылган мүлктү (анын ичинде акча каражаттарын) алууга укуктары өкүл берген ишеним катта айтылууга тийиш.

4. 18 жашка толо элек жана камкорчулукта же көзөмөлчүлүктө турган адамдар аткаруу өндүрүшүндө өкүл боло алышпайт.

5. Судьялар, тергөөчүлөр, прокурорлор, ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери жана сот аткаруучулар да аткаруу өндүрүшүндө өкүл боло алышпайт.

Ушул эреже көрсөтүлгөн адамдар аткаруу өндүрүшүнө өндүрүп алуучунун өкүлү, тиешелүү уюмдун карызкору же болбосо мыйзамдуу өкүл катары катышкан учурларга жайылтылбайт.

6. Эгерде аткаруу документи боюнча карызкор жеке өзү гана жасай алган иш-аракеттерди жасоого милдеттүү болсо, анда өкүлчүлүккө жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-30)
