# 28-берене. Аткаруу өндүрүшүнө жашы жетелектердин катышуусу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 28-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-28

---

1. Аткаруу өндүрүшүндө он төрт жашка чейинки курактагы жашы жетелектердин укуктарын жана милдеттерин анын мыйзамдуу өкүлү жүзөгө ашырат жана тиешелүүлүгүнө жараша аткарат.

2. Аткаруу документи боюнча өндүрүп алуучу же карызкор болуп саналган он төрт жаштан он сегиз жашка чейинки курактагы жашы жетелек аткаруу өндүрүшүндө өзүнүн мыйзамдуу өкүлүнүн же болбосо камкордукка алуунун жана көзөмөлдүк кылуунун ыйгарым укуктуу органынын өкүлүнүн катышуусунда же тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган жазуу жүзүндөгү макулдугу менен өзүнүн укуктарын жүзөгө ашырат жана милдеттерин аткарат.

3. Толук аракетке жөндөмдүү жашы жетелек аткаруу өндүрүшүндө өзүнүн укуктарын өз алдынча жүзөгө ашырат жана милдеттерин аткарат.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-29)
