# 27-берене. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын укук улантуучулугу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=1283413..1283414>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 27-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-27

---

1. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын бири чыгып калган, анын ичинде жеке адам каза болгон, юридикалык жак өзгөртүп түзүлгөн, талапты өткөрүп берген, карызды которгон учурда, аткаруу документи боюнча сот аткаруучу өзүнүн токтому менен бул тарапты анын укугун улантуучу менен алмаштырууга милдеттүү.

2. Укук улантуучу үчүн ал аткаруу өндүрүшүнө киришкенге чейин жасалган бардык иш-аракеттер алар укук улантуучу алмаштырган тарап үчүн кандай өлчөмдө милдеттүү болсо, ошондой өлчөмдө милдеттүү болот.

3. Токтомдун көчүрмөсү аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына жөнөтүлөт.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-28)
