# 26-берене. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптарынын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 26-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-26

---

1. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптары аткаруу өндүрүшүнүн материалдары менен таанышууга, алардан көчүрүп жазып алууга, көчүрмөсүн алууга, кошумча материалдарды берүүгө, өтүнмө кылууга, аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүүгө катышууга, аткаруу иш-аракеттеринин процессинде оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү берүүгө, аткаруу өндүрүшүнүн жүрүшүндө келип чыккан бардык маселелер боюнча өз далилдерин жана пикирлерин айтууга, аткаруу өндүрүшүнө катышкан башка жактардын далилдерине жана өтүнмөлөрүнө каршы чыгууга, сот аткаруучуну четтетүүгө арыз берүүгө, аткаруу өндүрүшүнүн маселелери боюнча сот аткаруучунун аракеттерине (аракетсиздигине) же актыларына даттанууга укуктуу.

2. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптары өздөрүнө берилген бардык укуктарды ак ниет пайдаланууга, ошондой эле аткаруу өндүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткарууга жана аткарылышына көмөк көрсөтүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-27)
