# 25-берене. Аткаруу өндүрүшүнүн тараптары

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 25-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-25

---

1. Жеке, юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өндүрүп алуучу жана карызкор болушу мүмкүн.

2. Алардын пайдасына же кызыкчылыктарында аткаруу документи берилген жеке, юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өндүрүп алуучу болуп саналат.

3. Аткаруу документтери боюнча белгилүү бир иш-аракеттерди жасоого же белгилүү бир иш-аракеттерди жасоодон карманууга милдеттүү жеке, юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары карызкор болуп саналат.

4. Аткаруу өндүрүшүнө бир нече өндүрүп алуучу жана карызкор катышышы мүмкүн. Алардын ар бири аткаруу өндүрүшүнө өз алдынча катышат.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-26)
