# 20-берене. Аткаруу иш-аракеттери жасалуучу жер

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 20-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-20

---

1. Эгерде карызкор жеке жак болуп саналса, анда аткаруу иш-аракеттери жасалат, ал эми мажбурлап аткартуу чаралары анын жашаган (турган) жери, иштеген жери же анын мүлкү турган жери боюнча сот аткаруучу тарабынан колдонулат.

2. Эгерде карызкор юридикалык жак болуп саналса, анда аткаруу иш-аракеттери жасалат, ал эми мажбурлап аткартуу чаралары анын юридикалык же иш жүзүндөгү дареги жана/же анын мүлкү турган жери боюнча колдонулат.

3. Карызкорду белгилүү бир иш-аракеттерди жасоого (белгилүү бир иш-аракеттерди жасоодон карманууга) милдеттендирген аткаруу документтеринде камтылган талаптар ошол иш-аракеттер жасалган жер боюнча аткарылат.

4. Эгерде аткаруу документин аткаруу процессинде карызкордун - жеке жактын жашаган (турган) жери же иштеген жери, карызкордун - юридикалык жактын дареги же болбосо карызкордун мүлкү турган жер өзгөрүлсө, сот аткаруучу бул тууралуу токтоосуз акт түзөт.

Акты түзүлгөн күндөн кийинки жумушчу күндөн кечиктирбестен сот аткаруучу аткаруу документин бул акт менен бирге карызкордун - жеке жактын жаңы жашаган жери жана анын иштеген жери боюнча, карызкордун - юридикалык жактын жаңы дареги боюнча же болбосо карызкордун мүлкү турган жер боюнча сот аткаруучулар бөлүмүнө жиберет, бул тууралуу ошол эле убакта өндүрүп алуучуга кабарлайт.

5. Сот аткаруучу зарыл болгондо Башкы сот аткаруучунун буйругу боюнча өзүнүн ыйгарым укуктары жайылтылбаган аймакта аткаруу иш-аракеттерин жасайт.

51. Сот аткаруучу зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттин аймагында аткаруу иш-аракеттерин жасайт.

6. Аткаруу өндүрүшү сот аткаруучуларынын бир аймактык бөлүмүнөн башка аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген учурда Башкы сот аткаруучу же областтын башкы сот аткаруучусу буйрук чыгарат. Көрсөтүлгөн буйрук ал чыгарылган күндөн кийинки күндөн кечиктирбестен аткаруу үчүн тиешелүү сот аткаруучулар бөлүмүнө жиберилет.

Аткаруу өндүрүшүн өткөрүп берүү жөнүндө тараптарга үч жумушчу күндүн ичинде кабарланат.

7. Бир аймактык бөлүмдөн башкасына өткөрүп берилген аткаруу өндүрүшү боюнча сот аткаруучу анын ыйгарым укуктары жайылтылбаган аймакта аткаруу иш-аракеттерин жасоого жана мажбурлап аткартуу чараларын колдонууга укуктуу.

8. Аймактык бөлүмдөрдүн ортосунда аткаруу иш-аракеттери жасалган жер жөнүндө талаштарга жол берилбейт.

(КР2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-21)
