# 18-берене. Аткаруу документтерине карата коюлуучу талаптар

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.06.2026 [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882); 04.06.2025 [Закон КР от 4 июня 2025 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам нотариальной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 16.02.2024 [Закон КР от 16 февраля 2024 года № 51 О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве")](https://aqlex.ai/kg/doc/230004708); 12.01.2024 [Закон КР от 12 января 2024 года № 11 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве""](https://aqlex.ai/kg/doc/230000749); 28.10.2021 [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 18-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-18

---

1. Сот аткаруучунун токтомун, соттук буйрукту, укук бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомду, алименттерди төлөө жөнүндө нотариалдык ырасталган макулдашууну, айып салуу жөнүндө тартип бузуучуну белгилүү бир иш-аракеттерди жасоого милдеттендирүүчү Евразия экономикалык комиссиясынын чечимин кошпогондо, аткаруу документинде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1) аткаруу документин берген соттун же башка органдын аталышы, кызмат адамынын кызмат орду, фамилиясы жана аты-жөндөрү;

2) аткаруу документин берүүгө негиз болгон иштин же материалдын аталышы жана алардын номерлери;

3) аткарууга жаткан акт кабыл алынган күн, ай, жыл (мындан ары - дата);

4) өндүрүп алуучунун - юридикалык жактын жана карызкордун - юридикалык жактын аталышы, алардын юридикалык даректери, банктык маалым даректери;

5) өндүрүп алуучу - жеке жактын жана карызкор - жеке жактын фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (турган) жери жана/же иштеген жери, карызкор - жеке жактын ИЖНи, карызкор - юридикалык жактын - ИСНи, эгерде алар белгилүү болсо, карызкор-жеке жактын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоосунун датасы жана орду;

6) карызкорго акча каражаттарын жана башка мүлктү өндүрүп алуучуга өткөрүп берүү же болбосо өндүрүп алуучунун пайдасына белгилүү иш-аракеттерди жүргүзүү же белгилүү иш-аракеттерди жасоодон кармануу боюнча милдеттерди жүктөө жөнүндө талапты камтыган соттук актынын же башка органдын актысынын резолюциялык бөлүгү;

7) соттук акт же башка органдын актысы күчүнө кирген дата;

8) аткаруу документи берилген дата;

9) "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген башка талаптар.

2. Алименттерди өндүрүп алуу жөнүндө иштер боюнча аткаруу барактарында, нотариалдык буйруктарда багууга алимент чегерилген баланын аты жана туулган датасы, башка жактын фамилиясы, аты жана атасынын аты жана алимент өндүрүп алынууга жаткан дата көрсөтүлөт.

3. Аткаруу барагына же соттук акт болуп саналган аткаруу документине биринчи инстанцияда соттук актыны чыгарган судья кол коет жана соттун гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. Судья болбогон учурда аткаруу документине соттун төрагасы кол коет.

4. Башка органдын актысынын негизинде берилген же башка органдын актысы болуп саналган аткаруу документине ошол органдын кызмат адамы, ал эми мыйзамда белгиленген учурларда - аткаруу документин жазган адам кол коет. Аткаруу документи аны берген органдын же адамдын мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Аткаруу документи электрондук документ түрүндө жөнөтүлгөн учурда ага электрондук кол коюлат, анын юридикалык күчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ырасталат.

5. Соттук буйруктун мазмуну Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси менен аныкталат.

51. Нотариалдык буйруктун мазмуну "Нотариат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат. Алимент төлөө жөнүндө нотариалдык ырасталган макулдашуунун мазмуну Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодекси менен аныкталат. Көрсөтүлгөн аткаруу документтерине аларды кабыл алган же ырастаган адамдар кол коет жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт.

6) Укук бузуу жөнүндө иш боюнча токтомдун мазмуну Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодекси менен аныкталат.

7. Салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча салык төлөөчү тарабынан таанылган карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө билдирүүнүн формасы жана мазмуну салык мыйзамдары менен аныкталат.

(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2024-жылдын 12-январындагы № 11, 2024-жылдын 16-февралындагы № 51 , 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 4-июну № 111, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-19)
