# 17-берене. Аткаруу документтеринин түрлөрү

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Күчүнө кире элек өзгөртүү: [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июля 2026 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам Международного центра по разрешению споров в специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.07.2026 [Закон КР от 22 июля 2026 года № 119 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам Международного центра по разрешению споров в специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049035); 03.06.2026 [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882); 14.11.2025 [Закон КР от 14 ноября 2025 года № 257 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере медиации"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034402) (күчүнө кире элек); 04.06.2025 [Закон КР от 4 июня 2025 года № 111 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам нотариальной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230027859); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 16.02.2024 [Закон КР от 16 февраля 2024 года № 51 О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве")](https://aqlex.ai/kg/doc/230004708); 12.01.2024 [Закон КР от 12 января 2024 года № 11 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве""](https://aqlex.ai/kg/doc/230000749); 28.10.2021 [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=53991..56538>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 17-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-17

---

1. Аткаруу документтери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) соттук актылардын негизинде, анын ичинде мүлктү өндүрүп алуу бөлүгүндө соттордун өкүмдөрү боюнча берилүүчү аткаруу барактары (мындан ары - аткаруу барактары);

11) "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагынын Талаш-тартыштарды чечүү боюнча эл аралык борборунун комитетинин чечимдеринин, анын ичинде камсыз кылуу чараларын колдонуу жөнүндө чечиминин негизинде берилүүчү аткаруу барактары;

2) соттук буйруктар;

3) доону камсыз кылуу, зыяндын ордун толтуруу жана мүмкүн болуучу мүлктү конфискациялоо тартибинде чыгарылган, анын ичинде укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттун аныктамалары жана судьянын токтомдору;

31) салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча салык төлөөчү тарабынан таанылган карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө салык кызматынын органдарынын, анын ичинде электрондук документтер түрүндө таризделген билдирүүлөрү;

4) алименттерди төлөө жөнүндө нотариалдык ырасталган макулдашуулар;

5) нотариустардын аткаруу жазуулары;

51) медиациялык макулдашуулар, эгерде алар нотариалдык жактан ырасталган болсо;

6) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же мүлктүк өндүрүп алуу бөлүгүндөгү укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укуктуу кызмат адамдары чыгарган токтомдор;

7) эмгектик талаштар боюнча комиссиялардын жана кесиптик бирлик органдарынын чечимдеринин негизинде берилген ырастамалар;

8) аткаруу жыйымы түрүндө акчалай мажбурлап өндүрүп алуу, жаза салуу жөнүндө, аткаруу боюнча чыгымдарды өндүрүп алуу жөнүндө сот аткаруучунун токтомдору;

81) нотариалдык буйруктар;

9) мыйзамда каралган учурларда башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын актылары.

10) айып салуу жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын чечими;

11) тартип бузуучуну белгилүү бир иш-аракеттерди жасоого милдеттендирүүчү Евразия экономикалык комиссиясынын чечими.

2. Аткаруу документинин түп нускасы жоголгон учурда сот же аткаруу документин берген же жоголгон аткаруу документин берүүгө негиз болгон актыны чыгарган башка орган, кызмат адамы же башка ыйгарым укуктуу адам түп нусканын күчүнө ээ болгон жупнусканы бере алат.

Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-1-пунктунда каралган аткаруу документтери, эгерде сумма 500 эсептик көрсөткүчтөн ашса, мажбурлап аткартуу үчүн жөнөтүлөт. Көчүрмөлөр аткаруу документтери болуп саналбайт.

3. Аткаруу документи тиешелүү актыны кабыл алган судья же кызмат адамы кол койгон, юридикалык күчү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте электрондук кол менен ырасталган электрондук документ формасында берилиши мүмкүн.

(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126, 2024-жылдын 12-январындагы № 11, 2024-жылдын 16-февралындагы № 51, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 4-июнундагы № 111, 2025-жылдын 14-ноябрындагы № 257, 2026-жылдын 3-июнундагы № 79, 2026-жылдын 22-июлундагы № 119 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-18)
