# 15-берене. Сот аткаруучунун ишинин социалдык кепилдиктери

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 15-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-15

---

1. Республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төмөнкүлөр милдеттүү мамлекеттик камсыздандырууга жатат:

1) сот аткаруучунун өмүрү жана ден соолугу;

2) сот аткаруучунун башка адамдардын мүлкүнө зыян келтиргендик үчүн жоопкерчилиги.

Милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруунун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

2. Турак жайга же аны жакшыртууга муктаж сот аткаруучуга кызматтык турак жай же турак жайды ижарага алганына байланыштуу сарптоо компенсациясы берилет же турак жай шарттарын жакшыртуу үчүн мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан финансылык каражат бөлүнүп берилет.

Кызматтык турак жай сот аткаруучу өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган жер боюнча бөлүнүп берилет. Кызматтык турак жайдын аянтынын өлчөмү сот аткаруучунун үй бүлөсүнүн ар бир мүчөсүнө туура келген турак аянтынын 20 чарчы метринен кем болбоого тийиш.

3. Сот аткаруучу кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу курман болгон же болбосо бошонгондон кийин сот аткаруучунун ишин жүзөгө ашыруу мезгилинде алган жаракаттын, травманын, оорунун кесепетинен өлгөн учурда курман болгондун (өлгөндүн) үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төлөмдөр жүргүзүлөт.

4. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-16)
