# 149-берене. Өз ара аракеттенүү

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.06.2026 [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882); 28.10.2021 [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305); 25.07.2019 [Закон КР от 25 июля 2019 года № 100 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111947)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-149>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-149.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 149-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-149

---

1. Жеке сот аткаруучулар, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, ошондой эле анын аймактык органдары аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууда кызматташууга милдеттүү.

2. Мамлекеттик органдар маалыматты ыкчам алмашууга, ошондой эле аткаруу өндүрүшү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды биргелешип иштеп чыгууга милдеттүү.".

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

| Кыргыз Республикасынын Президенти | А.Ш. Атамбаев |
| --- | --- |
|  | "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 1-тиркеме |

Карызкордун мүлккө укуктары жөнүндө МААЛЫМАТТАР

Маалыматтар аткаруу документин ыктыярдуу аткаруу үчүн берилген мөөнөт аяктаганга чейин аткаруу документин аткаруу жери боюнча сот аткаруучулардын кызматынын бөлүмүнө кайра кайтарылууга тийиш.

| ФАЖ: | ИНН: |
| --- | --- |
| Почта дареги: | Тел. номери: |
| каттоо боюнча жашаган жери: | мобилдик: |
| иш жүзүндө жашаган жери: | үйдөгү: |
|  | жумуштагы: |

Жашоо шарттары:

- Квартира

- Үй

Бөлмөлөрдүн саны жана чарчы метрлердин саны \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ Кыймылсыз мүлк жөнүндө маалымат

| Кыймылсыз мүлктүн объекти | Жайгашкан жери | Параметрлери (аянты, кабат, бөлмөлөрдүн саны ж.б.) | Менчиктин наркы, формасы |
| --- | --- | --- | --- |
|  |  |  |  |
|  |  |  |  |
|  |  |  |  |
|  |  |  |  |
|  |  |  |  |

Турмуш-тиричилик буюмдары

| Аталышы | Кыскача сыпаттамасы, саны | Менчиктин наркы, формасы |
| --- | --- | --- |
| Телевизор |  |  |
| Видео/стереоаппаратура |  |  |
| Турмуш-тиричилик техникасы |  |  |
| Көркөм өнөр буюмдары |  |  |
| Эмеректер |  |  |
| Музыкалык аспаптар |  |  |
| Антиквариат |  |  |

Башка мүлк

| Аталышы | Кыскача сыпаттамасы, саны | Менчиктин наркы, формасы |
| --- | --- | --- |
| Автомототранспорт |  |  |
| Суу, аба транспорту |  |  |
| Курал |  |  |
| Азем зергер буюмдар |  |  |
| Жабдуу |  |  |
| Жаныбарлар |  |  |
| Башка мүлк |  |  |

Банктык эсептер жана накталай акча каражаттары жөнүндө маалымат

| Банктын аталышы жана эсептин номери | Эсептеги акча каражаттарынын калдыгы |
| --- | --- |
|  |  |
|  |  |
|  |  |
|  |  |

Баалуу кагаздар

| Аталышы | Кыскача сыпаттамасы (компаниянын аталышы, облигациялардын белгилениши, саны ж.б.) | Наркы |
| --- | --- | --- |
| Акциялар |  |  |
| Облигациялар |  |  |
| Мамлекет чыгарган баалуу кагаздар |  |  |
| Пай |  |  |

Кошумча маалымат

| Декларант өндүрүп алуучу катары чыгышына негиз болгон төлөмдөрдү алууга укук |  |
| --- | --- |
| Декларант жалдоо, ижара боюнча төлөмдөрдү алышына укук |  |
| Интеллектуалдык иштин натыйжасына жана инднвидуалдаштыруу каражаттарына укук |  |
| Декларантка карата карыз милдеттенмелери |  |

Маалыматтарды белгиленген мөөнөттөрдө бербегендиги үчүн, мүлк жөнүндө толук эмес жана/же ишенимсиз маалыматтарды көрсөтүү, ага тете ушул маалыматтарда көрсөтүлгөн мүлктү ажыратуу жана/же коромжу кылуу үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертүү.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ (декларанттын колу) 20\_\_-жылдын "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

| | "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына 2-тиркеме |

Аткаруу документтери боюнча өндүрүп алынышы мүмкүн болбогон мүлктүн түрлөрүнүн ТИЗМЕГИ (77-беренеге)

(КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 100, 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Карызкор жана анын багуусундагы адамдар үчүн зарыл, карызкорго жеке менчик укугунда таандык болгон мүлктүн жана предметтердин төмөнкүдөй түрлөрү аткаруу документтери боюнча өндүрүп алынышы мүмкүн эмес:

1) карызкор жана анын үй-бүлөсү туруктуу жашаган, күрөөнүн предмети болуп саналбаган турак жай;

2) негизги иши айыл чарбасы болуп саналган адамдардан - жалгыз уй, уй жок болсо - жалгыз кунажын; ую да, кунажыны да жок чарбаларда - жалгыз эчки, кой же чочко, ошондой эле үй канаттуулары;

3) жаңы тоют жыйналганга чейин же мал жайытка чыкканга чейин мал үчүн зарыл болгон тоют;

4) негизги иши айыл чарбасы болуп саналган адамдардан - кезектеги себүү үчүн зарыл болгон үрөн;

5) карызкор жана анын багуусундагы адамдар үчүн зарыл болгон үйдү жасалгалоо буюмдары, эмеректер, кийим:

а) кийим - ар бир адамга: бир жайкы жана күзгү пальто, бир кышкы пальто же тон, бир кышкы костюм (аялдар үчүн эки кышкы көйнөк), бир жайкы костюм (аялдар үчүн эки жайкы көйнөк), ар бир сезонго бирден баш кийим (аялдар үчүн, андан тышкары, эки жайкы жоолук жана бир жылуу жоолук же шалы жоолук), узак мезгил колдонулган жана баалуулугу жок болгон башка кийим жана баш кийимдер;

б) колдонууда болгон бут кийим, ич кийим, төшөк буюмдары, тамак бышыруу жана ашкана эмеректери (буга баалуу металлдардан жасалган буюмдар, ошондой эле көркөм баалуулугу бар буюмдар кирбейт);

в) эмеректер - ар бир адамга бирден керебет жана стул, үй-бүлөгө бир стол, бир шкаф жана бир сандык;

г) балдардын бардык буюмдары.

6) эгерде карызкордун негизги иши айыл чарбасы болуп саналса, жаңы түшүмгө чейин карызкор жана анын үй-бүлөсү үчүн зарыл сандагы тамак-аш азыктары, ал эми калган учурларда - карызкордун үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсүнө минималдуу эмгек акынын өлчөмүндө тамак-аш азыктары жана акча;

7) тамак жасоо үчүн жана жылытуу сезонунда үй-бүлөнүн турак жайын жылытуу үчүн зарыл отун;

8) соттун өкүмү менен карызкор тиешелүү ишти аткаруу же эмеректерди ал мыйзамсыз иштерди жасоо үчүн пайдалануу укугунан ажыратылган учурларды кошпогондо, карызкор кесиптик ишти улантышы үчүн зарыл шаймандар (анын ичинде окуу куралдары жана китептер).

---

Мурунку берене: [148-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-148)
