# 146-берене. Жеке сот аткаруучунун кеңсеси, кызматтык жайы

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-146>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-146.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 146-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-146

---

1. Жеке сот аткаруучунун кеңсеси жеке сот аткаруучунун ишин камсыз кылуу максатында түзүлгөн мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы коммерциялык эмес уюм болуп саналат.

2. Жеке сот аткаруучунун кеңсеси жеке сот аткаруучунун күбөлүгүн алгандан кийин жеке сот аткаруучу тарабынан түзүлөт. Жеке сот аткаруучу бир гана кеңсенин уюштуруучусу (тең уюштуруучусу) боло алат.

3. Бир жеке сот аткаруучу тарабынан түзүлгөн жеке сот аткаруучунун кеңсеси өз ишин уставдын негизинде жүзөгө ашырат.

Жеке сот аткаруучунун кеңсеси бир нече жеке сот аткаруучулар тарабынан түзүлгөндө уюштуруу документи катары уюштуруу келишими да болушу мүмкүн. Жеке сот аткаруучунун кеңсесин уюштуруучу (уюштуруучулар) аны мамлекеттик каттоодон өткөргөндөн кийин он календардык күндүн ичинде бул тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө билдирүүгө жана анын карамагына жеке сот аткаруучунун кеңсесинин уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн берүүгө милдеттүү.

4. Жеке сот аткаруучунун кеңсесинин аталышында "жеке сот аткаруучумун кеңсеси" же "жеке сот аткаруучулардын кеңсеси" деген сөздөр камтылууга тийиш.

5. Жеке сот аткаруучунун кеңсесин түзүүгө мамлекеттик органдардын агайым уруксаты талап кылынбайт.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [145-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-145)  
Кийинки берене: [147-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-147)
