# 14-берене. Сот аткаруучунун ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыз кылуу

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 14-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-14

---

1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана сот аткаруучулардын ишин уюштуруучулук жана материалдык-техникалык камсыз кылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

2. Сот аткаруучулардын эмгек акысы кызматтык маянадан, класстык чен үчүн үстөктөн, иштеген жылдары үчүн үстөктөн, ошондой эле сыйлыктардан жана башка үстөктөрдөн турат.

3. Өргүү берүү, пенсиялык камсыз кылуу, ошондой эле үстөктөрдү төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.

4. Сот аткаруучулар кызматтык максаттарда шаардык, шаар четиндеги жана жергиликтүү каттамдагы коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө (таксини жана жеке автотранспортту кошпогондо) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү транспорт уюмдарынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте сатып алынуучу жол кире документтери менен камсыз кылынат.

5. Менчик транспортун кызматтык максатта пайдаланган сот аткаруучуларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген өлчөмдөрдө акчалай компенсация төлөнүп берилет.

6. Ушул берененин колдонулушу жеке сот аткаруучуларга жайылтылбайт.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы № 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-15)
