# 139-берене. Тартип комиссиясы

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 139-берене (22.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-139

---

1. Тартип комиссиясы ыйгарым укуктуу органда түзүлүүчү жеке сот аткаруучулардын тартиптик органы болуп саналат. Тартип комиссиясы жеке сот аткаруучулардын кесиптик жүрүм-турум эрежелерин жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарды бузууга байланышкан аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды карайт, ошондой эле аларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу маселелерин чечет.

2. Тартиптик өндүрүштү кароонун жыйынтыгы боюнча тартип комиссиясы жеке сот аткаруучуга төмөнкү таасир этүү чараларын колдонуу жөнүндө сунушту ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга киргизүүгө укуктуу:

1) эскертүү;

2) жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтото туруу;

3) жеке сот аткаруучунун күбөлүгүнүн колдонулуусун токтотуу (жеке сот аткаруучунун ишин жүзөгө ашыруу укугунан ажыратуу).

3. Тартип комиссиясынын курамы жана иш тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүчү жобо менен аныкталат.

4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жеке сот аткаруучуга жаза чарасын колдонуу жөнүндө чечими Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына же сотко даттанылышы мүмкүн.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-138)  
Кийинки берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-140)
