# 137-берене. Аткаруу документтерин аткаруу боюнча иштин кепилдиктери

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-137>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-137.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 137-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-137

---

1. Жеке сот аткаруучу өз ишинде калыс жана көз карандысыз болот жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшүн жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.

2. Жеке сот аткаруучуга кызматтык милдеттерин аткарууда, ошондой эле анын кеңсесинде иштеген жактарга, мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, аткаруу иш-аракеттерин жасоого байланыштуу аларга белгилүү болгон маалыматтарды, анын ичинде ыйгарым укуктарын токтоткондон же жумуштан бошотулгандан кийин да жарыялоого, документтерди ачыкка чыгарууга тыюу салынат.

Аткарылган аткаруу иш-аракеттери жөнүндө маалыматтар (документтер) бул аракеттер алардын атынан, алардын тапшырмасы боюнча же аларга карата жасалган адамдарга гана берилиши мүмкүн. Аткарылган аткаруу иш-аракеттери жөнүндө маалымкаттар соттун, прокурордун, тергөө органдарынын талабы боюнча алардын өндүрүшүндө турган кылмыш же жарандык иштерге байланыштуу берилет. (КР 2026-жылдын 3-июнундагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-136)  
Кийинки берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-138)
