# 136-берене. Жеке сот аткаруучунун ишинин негиздери

- Документ: [Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111522)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-январындагы № 15 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 15
- Кабыл алынган күнү: 28.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.10.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 июня 2026 года № 79 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере исполнительного производства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230046882)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522#diff=44625..53991>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-136>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/111522/edition/1283411/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111522/st-136.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.10.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу, 136-берене (06.10.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-136

---

Аткаруу өндүрүшү жөнүндө мыйзамдарда каралган бардык аткаруу документтери, төмөнкүлөр жөнүндө аткаруу документтерин кошпогондо, жеке сот аткаруучу тарабынан аткарууга кабыл алынат:

1) мамлекеттен өндүрүү жөнүндө;

2) добуш берүүчү акцияларынын (уставдык капиталга катышуу үлүшүнүн) 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке жана аны менен аффилирленген юридикалык жактарга таандык болгон юридикалык жактан өндүрүү жөнүндө;

3) мамлекеттин пайдасына өндүрүү жөнүндө, мында өндүрүүнүн өлчөмү 5000 эсептик көрсөткүчтөн ашат;

4) мүлктү конфискациялоо жөнүндө же болбосо мүлктү мамлекетке өткөрүп берүү жөнүндө;

5) кылмыш жасагандыгы үчүн жаза катары дайындалган айыпты өндүрүү жөнүндө;

6) укук бузууларды жасагандыгы үчүн жаза катары дайындалган айыпты өндүрүү жөнүндө;

7) көчүрүү, көчүрүп киргизүү, бузуу, жер тилкелерин алып коюу жана мамлекеттин кызыкчылыгында жүргүзүлүүчү иштердин башка категориялары жөнүндө;

8) баланы алып коюу жана бала менен пикирлешүүгө болгон укукту ишке ашыруу жөнүндө.

(КР 2026-жылдын 3-июнундагы N 79 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [135-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-135)  
Кийинки берене: [137-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111522/st-137)
